Бакиевдерге таандык "Витязь" пансионаты Маданият министрлигине берилди

Жазылуу
Буга чейин Маданият министрлигинде өз кызматкерлеринин ден соолугуна кам көрүү үчүн дарылануу-профилактикалык мекемеси болгон эмес.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун алдындагы "Витязь" ишканасы Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин балансына өткөрүлгөндүгүн өкмөттүн расмий сайтында жазылды.

Бул тууралуу токтомго премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

"Мыйзамга ылайык ар бир мамлекеттик мекеменин кызматкерлери милдеттүү түрдө бекер амбулатордук медициналык көзөмөлдөн өтүшү керек. Бирок Маданият министрлигинде өз кызматкерлеринин ден соолугуна кам көрүү үчүн дарылануу-профилактикалык мекемеси болгон эмес", — деп айтылат билдирүүдө.

Бул жагдайды эске алуу менен "Витязь" пансионатын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин карамагына өткөрүү чечими кабыл алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0