Кыргызстанда жаш балдарды интернет оюндарынан арылууга үндөгөн тасма тартылууда

© Sputnik / Табылды КадырбековТелефон кармап отурган кыздын архивдик суроту
Телефон кармап отурган кыздын архивдик суроту - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тасмада маскарапоз менен жаш баланын окуялары чагылдырылат.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Кыргызстанда күз айларында "Маскарапоз" аттуу балдар киносу жарыкка чыгат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине фильмдин сценаристи жана режиссёру Замир Жашасын уулу билдирди.

Тасмада маскарапоз менен жаш баланын окуялары чагылдырылат.

"Бул тасманын максаты — жаш балдарды ар кандай интернет оюндарынан алыстатып реалдуу жашоого үндөө. Ошондуктан негизги идея балдарга жеңил жетүү үчүн маскарапоздун образы менен берүүнү туура көрдүк", — деди режиссер.

Фильмдин сценарийи үч айда жазылып бүтүп, 1-июндан тарта тартуу иштери башталган. Анда Табылды Актанов, Жолдошбек Жанжигит уулу, Илим Калмуратов, Жаңыл Бекбоева, Айзада Жамгырчиева, Камчы Сарыбаев, Адилет Манапов жана дагы бир катар жаш актёрлор роль жаратууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0