Москванын Кремль сарайында Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүМосквадагы мамлекеттик Кремль сарайы. Архив
Москвадагы мамлекеттик Кремль сарайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анын алкагында иш-чарага келгендер кыргыздын улуттук ырларын угуп, маданияты менен тааныша алат.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. 20-июнда Москвадагы мамлекеттик Кремль сарайында Кыргызстандын маданият күндөрүнүн ачылышы болот. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Кирүү акысыз, маданий иш-чара саат 19:00дө башталат.

Всемирный фестиваль эпосов народов мира в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Өлкөдө биринчи жолу кымыз жана туризм фестивалы өтөт
Маданият күндөрү эки тараптуу маданий-гуманитардык кызматташуу жаатындагы эле маанилүү иш-чара болуп саналбастан, кыргыздын улуттук ырларын, классикалык музыкасын угууга жакшы мүмкүнчүлүк экени элчилик тараткан билдирүүдө айтылат. Маданият күндөрүнүн алкагында кыргыз эстрада жылдыздары да өз өнөрлөрүн тартуулайт.

Андан сырткары 15 күнгө созулган көргөзмө уюштурулуп, бир катар маданий иш-чаралар пландалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0