"Айтматов энциклопедиясынын" 3 томдугу жарык көрдү

© Фото / Алия СамидинКниги и портрет Чингиза Айтматова. Архивное фото
Книги и портрет Чингиза Айтматова. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Энциклопедиянын кийинки басылыштарында маалыматтар кошумчаланып, толукталып турмакчы.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. "Айтматов энциклопедиясынын" 3 томдугу жарыкка чыкканын Улуттук илимдер академиясынын маалымат кызматынан билидиришти.

Улуу жазуучу Чынгыз Айтматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сагындык... Улут атасы Айтматовдун сүрөттө калган жылмаюулары
Эмгекти Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча улуттук программанын алкагында Илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана маданият институту даярдаган. Бул ишти академик Абдылдажан Акматалиев демилгелеп, Айтматов таануу багытында илимий иш жазган окутуучу жана окумуштуулар салымын кошту.

Маалыматка караганда, эмгек улам кийинки басылыштарында кошумчаланып, толукталып турмакчы.

"Биздин максат – Айтматов жөнүндөгү маалыматтарды окуу китеби, окуу куралы, хрестоматия, антология тибинде жалпы окурмандарга жеткиликтүү кылуу. 1960-80-жылдарда жарык көргөн материалдарды азыр табуу кыйын" – деди Акматалиев.

Анын айтымында, аталган энциклопедияга кирбей калган маалыматтар дагы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0