Булбул үндүү Токтобек Асаналиев 42 жашта! Ырчы тууралуу 6 факты

© Фото / Ринат Мурзаев Ырчы Токтобек Асаналиевдин архивдик сүрөтү
Ырчы Токтобек Асаналиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн кыргыздын кыйырына аты чыккан ырчы Токтобек Асаналиевдин туулган күнү. 42 жаштын кырындагы ырчы эл оозуна "Боогачың сенин болоюн", "Ат-Башым", "Айылым жана ата-энем", "Атам менен апама", "Сымбатым" аттуу ырларды аткарып алынган.

Өнөрпоз тууралуу журналист Гүлдана Талантбекова кызыктуу 6 факты даярдады.

Тоодо төрөлгөн Токтобек

Актер и режиссер Аскат Сулайманов - Sputnik Кыргызстан
Аймактык милиция 39 жашта! Аскат Сулайманов тууралуу 7 факты
Токтобек Асаналиев 1975-жылы 6-июнда Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ача-Кайыңды айылында туулган. Он баланын бешинчиси. Атасы кечки окууда аттестат алганы кеткен маалда апасы мал карап жүрүп эле толготуп, үйгө келип таңга жуук төрөгөн. Чоң апасы Токтобек деген ысымды ыйгарган.

Тиши менен төрөлгөн өнөрпоз

Кичинекей кезинде арык, көзү ойноктогон, шок бала болгон. "Акыркы он жыл ичинде эле салмак коштум" дегени бар. Төрөлгөндө эле бир тиши бар болгон. "Эмизгенде апасынын эмчегин тиштейт, тишин жулуп салуу керек" дегенде чоң энеси "бул бала Кудай колдогон бала, бул жөн тиш эмес, жышаана" деп жулдуртпай койгон.

Тойдун көркү Токо менен

Ырчы бала кезинен эле өнөргө жакын өскөн. Ата-энеси ыр жагынан өнөрлүү адамдар. Үйдөгү той-топурлар, мектептеги иш-чаралар кичинекей Токтобексиз өтчү эмес. Ата-энесинин чабан бол дегенине карабай борборго музыкалык билим алуу үчүн бет алган.

© Фото / Ринат МурзаевИштен сөзгө өтүп, бирок сөздөн ишке өтө албаган адамдарды, башкача айтканда, куру сөз сүйлөгөндөрдү жактырбайт
Певец Токтобек Асаналиев - Sputnik Кыргызстан
Иштен сөзгө өтүп, бирок сөздөн ишке өтө албаган адамдарды, башкача айтканда, куру сөз сүйлөгөндөрдү жактырбайт

Кыздарга чалдардын ырын ырдап…

Ырчы институтта окуп жүргөнүн айтып бир окуяны эсине түшүрөт. Отурушка барган достор "биздин Токо ырдын сазайын берет, азыр силерге ырдап берет" дешет. Токо комузду колго алып элдик ырлардан созсо, кыздар "чалдардын ырын ырдайт экен" деп жактырбай коюшат. Ошондо ичинен таарынып, бир сынган. Азыр ырчы бул жагдайды "көрсө, эстрадалык жеңил-желпи ырлар жаштардын музыкага болгон табитин өлтүрүп коет турбайбы" деп айтат.

Жаман көргөнү, көзүнө жаш тегереткени, сыймыктанганы…

Дастанчи Омурзак Кайыпов - Sputnik Кыргызстан
Кайыпов: айтыш жолго түштү, Манас ЮНЕСКОго кирди, дастанчылык четте ыйлап турат
Иштен сөзгө өтүп, бирок сөздөн ишке өтө албаган адамдарды, башкача айтканда, куру сөз сүйлөгөндөрдү жактырбайт. Көчөдө балдарын кучактап, кайыр сураган кыргыз кыздарды көргөндө көзүнө жаш тегеренет. Кыргыздын салттуу ырларын дүйнөнүн ар бурчуна таанытууга салым кошуп келе жатканына сыймыктанат.

Билими

— Улуттук филармониянын алдындагы эки жылдык студияны, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтун, Улуттук консерваторияны аяктаган. Орто Азия жана Казакстан боюнча өткөн Эл аралык сынактардын бир нече жолку лауреаты. Ушу тапта Калый Молдобасанов атындагы Улуттук консерваторияда окутуучулукту аркалайт. Доцент илимий наамы бар.

Маалыматтар интернеттеги ачык булактардан алынды

Жаңылыктар түрмөгү
0