Бишкек шаарында залкар талант Муса Баетов эскерилет

© Sputnik / Жоомарт УраимовКомузчу. Архив
Комузчу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданий жолугушуу калаанын маданият башкармалыгы тарабынан уюштурулууда.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Токтогул атындагы адабият жана маданият музейинде 7-июнда кыргыз ССР эл артисти, залкар обончу, аткаруучу Муса Баетов эскерилет. Бул тууралуу муниципалитеттен маалымдашты.

Иш-чарага өнөр адамынын жакындары, композиторлор, акындар, журналисттер жана жогорку окуу жайдын студенттери чакырылган. Келгендер анын чыгармачылыгы жана өзү тууралуу эскерүүлөрү менен бөлүшөт.

Маданий жолугушуу калаанын маданият башкармалыгы тарабынан уюштурулууда.

Народный артист Кыргызстана, юморист Келдибек Ниязов - Sputnik Кыргызстан
Президент аксакал өнөрпоздорго "Эл артисти" наамын ыйгарды
Муса Баетов 1902-жылы 10-ноябрда Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Байгөнчөк (азыркы Баетов) айылында төрөлгөн. 1949-жылы 47 жашында дүйнө салган.

Чыгармачылык жолун 1934-жылы кыргыз музыкалык-драма театрында (азыркы Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук академиялык опера жана балет театры) баштаган.

1936-жылы филармониянын артисти, 1942-жылдан тарта кыргыз опера театрында эмгектенген.

Ал "Айчүрөк" жана "Манас" операларында Күлчоро менен Сыргактын партияларын аткарган. Ошондой эле "Сары-Ой", "Арпанын Ала-Тоосунан", "Жароокер", "Акзыйнат" ырларын жогорку чеберчиликте аткарган.

"Даанышман", "Ойгоном", "Эр Панфилов", "Майданга чыкты маршалдар", "Туткун ыры" сыяктуу обондорду жараткан. Ал комузда, домбурада, гармошкада жакшы ойноп, ырларын ошол аспаптардын коштоосу менен дагы аткарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0