Жаш киночулардын эл аралык сынагында кыргызстандык режиссер мыкты болду

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүКинопленка. Архив
Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тасма ата-эне мээриминен эрте ажыраган 8-класстын окуучусу Темир аттуу өспүрүмдүн жашоосун чагылдырат.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Жаш режиссер Акыйкат Аскаровдун "Мелдеш" аттуу тасмасы Грузиянын Батуми шаарында өткөн жаш кинематографисттердин эл аралык мектебинен мыкты аталды. Бул тууралуу Кинематографты колдоо фондусу билдирди.

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкка 11 номинация боюнча сынак жарыяланды
Сынак 29-майдан 2-июнга чейин болуп өткөн. Кыргызстандын атынан барган режиссер Чолпонай Бөрүбаеванын айтымында, "Мелдеш" иш-чаранын акыркы күнү көрсөтүлүп, жашыруун добуш берүүнүн натыйжасында Аскаров биринчи орунга татыган.

44 мүнөттүк тасма ата-эне мээриминен эрте ажыраган 8-класстын окуучусу Темир аттуу өспүрүмдүн жашоосун чагылдырат.

Аталган фильм Кыргызстандагы абройлуу деп эсептелген "Үмүт" фестивалында да баш байгеге ээ болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0