"Мендирман" эпосу жөнүндө 7 факты. Күйөөсүн өлүмгө кыйган жубай

© Sputnik / Табылды КадырбековКультурные мероприятия в рамках Всемирных игр кочевников на джайлоо Кырчын
Культурные мероприятия в рамках Всемирных игр кочевников на джайлоо Кырчын - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл даңктаган Мендирман, аталаш агалардын көрсөткөн ыдыгы, кара чечекей аялынын сатып кетиши... бирок, жакшылык менен бүткөн күрөш. Sputnik Кыргызстан окурмандарга "Мендирман" эпосу жөнүндө жети фактыны сунуштайт.

"Мендирман" — кыргыздын эпикалык дүйнөсүндө ээлеген орду бар. Ал кыргыз урууларынын ички жана сырткы мамилелерин камтыган социалдык-турмуштук мазмундагы эпикалык поэма.

Тоодогу эликтер. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Карагул ботом" жөнүндө беш факты. Баласын байкабай атып алган атанын арманы
Варианттары. Азыркыга чейин чоң манасчы Шапак Рысмендеевден 1939-жылы Келдибек Эсенбаев тарабынан жазылып алынган көлөмдүү варианты сакталуу. Ал эми 1941-жылы фольклор жыйноочу Ыбырайым Абдырахманов Кайду деген карыядан жазып алган чакан материал белгилүү. Ушул эпоско таандык элдик сюжеттин негизинде жазуучу Касымалы Жантөшев тарабынан жазылып жарык көргөн автордук вариант да бар. Ыбырайым Абдырахмановдун эскерүүсүнө караганда, "Мендирман" Боккөтөн деген комузчунун күүсүнө салынып аткарылган. Андан сырткары, Тоголок Молдо 1938-жылдары эл оозунан жазып алган вариантын Агартуу боюнча элдик коммисариатынын Илимий изилдөө институтуна өткөрүп берген.

Эпос эмне жөнүндө. Негизги мазмуну — көрө албастыкка, адилетсиздикке, баскынчылыкка каршы күрөш жөнүндө. Анда элдин кызыкчылыгы үчүн өмүрүн сайган эр жүрөк Мендирман жана анын каармандыгы баяндалат. Калмактардын баскынчылыгына каршы кармаштар орун алганы менен кыргыздардын өз ич ара ынтымагы кеткен учурдагы туугандар арасындагы татаалдашкан адам мамилелери чагылдырылган.

Сөзүбүздүн башында айтылгандай, "Мендирман" эпосунун күрөшү эки тараптуу болгондуктан, душмандары да эки түрдүү. Биринчиси — өздөн чыккан жат — аталаш туугандары менен өмүрлүк деп алган аялы болсо, экинчиси — Куйдалы, Калдама, Коңтаажы, Чейрең деген ысымдагы калмак башчылары, тарыхый реалдуу душман өкүлдөрү.

Поэмадагы башкы образ. Эпостогу башкы идея да башкы каарман Мендирмандын мамилелери, күрөштөрү, умтулуштары аркылуу чечилет.

Комуз кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Толубай сынчы" поэмасы жөнүндө 7 факты. "Ырымдан" улам өзгөртүлгөн саптар
Мендирман деген ким? Ал — Адылкандын кичи аялынан көргөн жалгыз эркек баласы. Ал эми улуу аялынан 9 уул калат да, алардын Күлтебер баштаган сегизи Мендирмандын аялын тартып алууга акылдашышат. Эң улуусу Асыл гана буга каршы болот. Култебер баштаган сегизи Мендирманды камап, аялын тартып аларда Асыл атын даярдап, Мендирманды аялы менен качырып жиберет. Жолдон аялына ачуусу келип, анын кылык-жоругуна кейип, өлтүрүүнү да ойлойт. Бирок аялынын кейиштүү сөзүнө ишенип, аны өзү менен кошо алып, Адылканга барат да, ага чоро болуп туруп калат. Анын колунда жүргөндө ханы Мендирмандын аялынын сулуулугуна көзү түшүп, аны барса келбес көлдөгү казанга жиберип, аялын алууну ойлонот. Бирок, эли болбойт. Хандын чоң жаңылгандыгын түшүндүрүшөт. Адыл Мендирмандын аялын дарга тарттырып, өз хандыгын чоросуна берет. Бул Ыбырайым Абдырахманов Кайду деген карыядан жазып алган варианты.

Мендирман эпостун башында эле чечкиндүү, тайманбас ар намыстуу баатыр катарында көрүнөт. Адик хандын байбиче аялынан төрөлгөн сегиз уулу Канышты тартып аларда да Мендирман өзүнүн жалгыздыгына карабай өз душмандарына тайманбастан каршы кылычын сууруп, айбат берет:

Ашыгып атсам уттурбайм.
Аманат жаным барында
Айганышты жуттурбайм.
Топ ойносом уттурбайм,
Тоголок башым түрүндө
Толгон айым жуттурбайм деген саптар бар.

Китеп. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Ажар" – 1916-жылга коюлган адабияттагы эстелик. Повесть туурасындагы жети факты
Күйөөсүнүн көзүн тазалагысы келген Каныш. Мендирмандын аялы Каныш окуялардын мүнөзүнө байланыштуу поэмада аз көрүнөт. Тактап айтканда, негизинен башталышында жана Адылкан менен Мендирмандын кагылышуусунда кездешет. Анткен менен, окуялардын чиеленишине бул каарман түздөн-түз себепчи катары сүрөттөлөт. Ал өзүнүн жүрүш-турушу менен дароо эле окурмандын жек көрүүсүн жаратат. Каныш Күлтебердин алдоосуна ынанып, Мендирманды өлүмгө чейин кыймакчы болот… Бирок, ойлогон ою ордунан чыкпай калат.

… Поэмада Каныштын олку-солку тескери мүнөзү дагы даана көрүнө баштайт. Өзгөчө, Адылкандын алдында кемпирдин жылуу сөзүнө ынанып, Мендирмандан кол үзүүгө кылган аракети поэмада катуу ашкереленет. Ошентип, эл Канышка өлүм жазасын берет.

Жез кемпир. Кыргыз элинин жомокторунда, эпосторунда да ар дайым терс идеяны, терс образды алып жүргөн — жез кемпир бар. Ал ар дайым кара ниет, бузуку жана тулкусу душмандыкка сугарылган.

Мендирман, анын аталашы агасы Асыл жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн жүргүзгөн күрөшү үчүн эл сүймөнчүлүгүнө ээ болсо, Каныш, Адылкан, Күлтебер, Жез кемпир өздөрүнүн ачкөздүгү, туруксуздугу, өзүмчүлдүгү менен аларга карама-каршы турган.

Кара сөз жана обон. "Мендирман" эпосунун көпчүлүк мезгилде комуздун коштоосу менен аткарылган жана кара сөз түрүндө да айтылган.

Фактыларды даярдоодо адабиятчы, профессор Сапарбек Закиров менен Айнек Жайнакованын эмгектери пайдаланылды

Жаңылыктар түрмөгү
0