Кыргызстандык жаш режиссерлор Түштүк Кореядагы фестивалга чакырылды

© flickr.com / Republic of KoreaТүштүк Кореянын желеги. Архив
Түштүк Кореянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Догдурбекованын "Бакыт" драмасы Пусан шаарындагы фестивалга катышса, Болотованын "Лунная соната" тасмасы Чечхон шаарында өтө турчу эл аралык музыкалык кинофестивалда көрсөтүлөт.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Кыргызстандын жаш режиссерлор Мээрим Догдурбекова менен Айжамал Болотованын тасмалары Түштүк Кореяда өтө турган эл аралык фестивалда көрсөтүлөт. Бул тууралуу продюсер Ника Жолдошева билдирди.

Маалыматка ылайык, Догдурбекованын кыскаметраждуу "Бакыт" драмасы балдардын 12-эл аралык BIKY кинофестивалында эл назарына сунушталат. Аталган иш-чара 12-18-июль күндөрү Пусан шаарында өтөт.

Ата керээзи тасмасынын режиссеру Дастан Жапар уулу. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Ата керээзи" тасмасы Россиядагы эл аралык кинфестивалда баш байгеге татыды
Ал эми Болотованын "Лунная соната" тасмасы Чечхон шаарында өтө турчу Jecheon International Music & Film Festival аттуу 13-эл аралык музыкалык кинофестивалга катышат. Бул Азиядагы эң ири музкалык кинофестиваль болуп саналат.

"Бакыт" тасмасында кичинекей Бакыт аттуу баланын тагдыры чагылдырылган. Ал саяпкер атасынын жардамы менен мелдешке даярданат. Бирок таймаш алдында атын уурдатып жиберет.

"Лунная соната" тасмасы Амина аттуу жаш кыз тууралуу баяндайт. Ал ата-энесинин ажырашканына, жоопсуз сүйүүдөн улам мүңкүрөп калбай, чымырканып туруп "Лунная соната" чыгармасын туура ойноого аракет кылат.

Эки тасма тең Кыргыз-Түрк "Манас" университетин бүтүрүүчүлөрдүн дипломдук иши болуп саналат жана "Айтыш фильм" киностудиясынын колдоосу менен тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0