Балдарды коргоо күнүндө өтө турган майрамдын программасы

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-Тоо аяндындагы майрамдык иш чаралар. Архив
Ала-Тоо аяндындагы майрамдык иш чаралар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаанын бардык райондорунда майрамдык иш-чаралар өтөт.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Бишкек мэриясы 1-июнда Балдарды коргоо күнүнө карата иш-чараларды өткөрөт. Бул туурасында шаар башчылыгынын маалымат кызматы билдирди. Майрамга 25 миң бала катышары күтүлүүдө.

Иш-чаралар эртеңден, 30-майдан тарта башталат. Алгач "Сейтек" балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунда наристелер арасындагы "Мурас" шаардык фестивалы саат 8.30дан 13.00гө чейин өтөт.

Ал эми "Ала-Тоо" аянтында "Балдардын жетишкендиктери" сүрөт көргөзмөсү саат 11.00дө ачылат.

1-июнь күнү саат 10.00дө А.Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрында мектеп жана мектептен тыш театралдык жамааттардын сынагы болот.

Эмен паркында саат 10.00дөн 16.00гө чейин "Балдар ааламы" фестивалы тартууланат.

Снимок с официальной страницы Первого канала. Выступление юного Брюса Ли из Кыргызстана — Нурмухаммеда Ташмаматова - Sputnik Кыргызстан
Россиянын 1-каналына кыргызстандык бөбөк Брюс Линин ыкмаларын көрсөтүп берди. Видео
Ольга Мануйлованын үй-музейинде саат 11.00дө чаптоо жана сүрөт тартуу боюнча мастер-класстар башталат.

№5 гимназиянын жана "Ала-Тоо" спорткомплексинде саат 10.00дө тогуз коргоол, теннис, ордо жана кулатуу, ал эми №23, 66 жана 87 орто мектептеринде "Көңүлдүү башаттар" жана дартс боюнча мелдештер өтөт.

Ошондой эле Фучик, Ата Түрк атындагы, Жаш Гвардия проспектисиндеги жана "Асанбай" кичи районундагы парктарда иш-чаралар уюштурулат.

14.00дө "Сейтек" борборунда мүмкүнчүлүгү чектелген 600 баланы концерттик программа жана таттуу белектер күтөт. Төрт райондун администрациялары да шаардык иш-чараларды белгилеген.

30-майда саат 10.00дө "Фламинго" паркында (Ленин району) балдар үчүн "Аквамарин" шоусу көрсөтүлөт. Программада мастер-класстар жана спорттук оюндар да бар.

1-июнда саат 9.00дө Астрахань көчөсүндөгү аянтта, "Газпром" дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде майрамдык иш-чаралар, ал эми аталган спорттук борбордо Дзюдо фестивалы өтөт.

Октябрь районунда 25-майдан 1-июнга чейин №6, 7, 8, 9, 10, 11 муниципалдык аймактык башкармалыктарында спорттук мелдештер өткөрүлүүдө. 31-майда саат 10.00дө балдар көңүл ачуучу борборлорго да бара алышат.

1-июнда Балдар чыгармачыл борборунда 10.00-14.00гө чейин концерт жана мастер-класстар өткөрүлөт, ошондой эле балдар узун бой куурчактар театрына жана кол өнөрчүлүккө да күбө боло алышат.

Ч.Базарбаев атындагы балет бийинин тарбиялануучулары сабак учрунда - Sputnik Кыргызстан
Ийилген бел, тердеген балдар. Балет мектебиндеги жашоодон бир үзүм
11.00дөн 13.00гө чейин "Жаштык" борборунда майрамдык концерт, спорттук оюндар жана балдар үчүн бийлер уюштурулат.

Ушул эле сааттарда "Оберег" (Тумар) реабилитациялык борборунда мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн "Цветик-семицветик" аталышындагы программа бар.

Саат 16.00дө райондо жашаган балдар көңүл ачуучу борборлордун бирине жеткирилет.

Биринчи Май райондук администрациясы 31-майда 9.30да "Сейтек" балдар жана өспүрүмдөр борборунда флешмоб өткөрөт, социалдык өнүктүрүү башкармалыгында каттоодогу аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 620 бала үчүн даярдалган концерт 10.00дө башталат.

1-июнда саат 11.00дө Панфилов паркында өнөрлүү балдардын иштеринин көргөзмөсү, жалпы оюндар жана сынактар өткөрүлөт. Ошондой эле "Түштүк-2" кичирайонундагы бассейнде саат 12де жайкы сууда сүзүү сезону ачылат.

Кароосуз калган балдарды реабилитациялоо борборунда акимдин кубогуна кичи-футбол боюнча муниципалдык аймактык башкармалыгынын кенже командалары жана райондук ички иштер башкармалыгынын жашы жете электер менен иш алпаруу инспекциясынын каттоосундагы балдар арасында мелдеш өтөт.

Свердлов районунда 31-майда саат 10.00дө кароосуз балдар үйүнүн тарбиялануучуларын "Джим-энд-Ролл" көңүл ачуучу борбору күтөт.

Мамлекеттик цирк 1-июнь күнү 12.00дө балдар үйүнүн, №21, керең жана жакшы укпагандар мектеп-интернаттарынын, жакыр үй-бүлөлөрдүн жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн майрамдык программа көрсөтүшөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0