Бишкекте "Китепкөй коом" жарманкеси өтөт

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүКуран китебин окуп жаткан адам. Архив
Куран китебин окуп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара Кыргызстан ислам университети тарабынан уюштурулуп, кызыктуу лекциялар менен коштолот.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Бишкекте "Китепкөй коом" аттуу китеп жарманкеси өтөт. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, китеп жарманкеси үстүбүздөгү жылдын 2-июнь күнү саат 10.00дө Кыргызстан ислам университетинде өтөт.

"Иш-чара Кыргызстан ислам университети тарабынан уюштурулуп, кызыктуу лекциялар менен коштолот", — деп жазылат маалыматта.

Лекцияны белгилүү теолог Кадыр Маликов баштаган аалымдар окушат.

Жаңылыктар түрмөгү
0