Галкиндин шоусуна катышкан Нурмухаммед теледен качан көрсөтүлөрү анык болду

© Фото / Зульфия ТургуноваУчастник телепередачи Первого канала "Лучше всех" Нурмухамед Ташмаматов
Участник телепередачи Первого канала Лучше всех Нурмухамед Ташмаматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Галкиндин шоусуна үч кыргызстандык катышкан. Алар Брюс Линин ыкмаларын мыкты өздөштүргөн Нурмухаммед Ташмаматов жана өздөрүнүн бийи менен социалдык тармактарды багындырган бир тууган Тургуналиевалар болчу.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. "Лучше всех" таланттар шоусуна катышкан жети жашар кыргызстандык Нурмухаммед Ташмаматовдун номери теледен 28-май күнү кечки саат 20:00дө көрсөтүлөрүн Sputnik Кыргызстан агенттигине баланын атасы Асылбек Урманов билдирди.

Нурмухаммед апрель айында "Лучше всех" берүүсүнө чакыруу алып, анда атактуу киноактерлор Брюс Ли менен Жеки Чандын трюктарын аткарган.

Ал эми аталган балдар шоусуна Нурмухаммед менен бирге катышкан эгиз кыздар Айпери менен Нурпери Тургуналиевалардын номери теледен 11-июнь күнү көрсөтүлөрү белгилүү болгон.

Галкиндин шоусун дүңгүрөткөн 7 жашар Нурмухаммеддин машыгуусун Sputnik Кыргызстан видеосунан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0