Бишкекте Сүймөнкул Чокморовдун өнөркана музейи ачылат

© Sputnik / Александр Гущин / Медиабанкка өтүүСССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун архивдик сүрөтү
СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Музейге келгендер белгилүү актер, каскадер жана сүрөтчүнүн эмгектери менен тааныша алат

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Сүймөнкул Чокморовдун өнөркана музейи шаардыктар үчүн эшигин биринчи жолу ачат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Калаанын Маданият башкармалыгынын маалыматына ылайык, өнөркана музейи менен бардык каалоочулар 26-майда таанышса болот.

"Музейге келгендер белгилүү актер, каскадер жана сүрөтчүнүн эмгектери менен тааныша алат", — деп айтылат маалыматта.

Өнөркана музейи Токтогул көчөсү 170 (Исанов менен кесилишет) дарегинде жайгашкан.

СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Чоң-Таш айылында туулган. 1992-жылы Бишкек шаарында дүйнөдөн кайткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0