"Карагул ботом" жөнүндө беш факты. Баласын байкабай атып алган атанын арманы

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүТоодогу эликтер. Архив
Тоодогу эликтер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Карагул ботом" адам менен жаныбарлардын табияттагы мыйзам ченемдүү өз ара алака-катышынын трагедиялуу жагдайын чагылдырган турмушта болгон окуя. Чыгарма элге таасирдүүлүгү, өзөктү өрттөгөн оор жоготууну элестүү сөздөр менен кошокко айландырган ыры, муун-жүндү бошоткон кайгылуу обону аркылуу ого бетер артылган.

Комуз кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Толубай сынчы" поэмасы жөнүндө 7 факты. "Ырымдан" улам өзгөртүлгөн саптар
Дастандын мазмуну. Илгери Тумаш аттуу мерген эчки-текеден он оңко тургузган экен. Чыгармада кайберендин ээси ага нечен жолу эскертсе да ынабай койгону айтылат. Күндөрдүн биринде жолу болбой, күүгүмдө үйүнө кайтып келе жатса, балтыркандын түбү кыймылдайт. Энесине таарынган кичинекей уулу Карагул атасынын артынан ээрчип барып, чарчап уктап калган болот. "Элик экен" деп атып жиберсе, атасынын жолун тосуп чыгып, уктап калган чаарчык тончон өз баласы болуп чыгат.

Ошентип, "Карагул ботом" кайберендин каргышына калып, жалгыз баласынан ажыраган Тумаш мергендин муң-зары, оор күйүтү катарында эл арасына тараган.

Табигатка кыянаттык кылган дешет. Чыгармада Тумаш мерген кайберендин тукумун ыксыз кырып, каргышына калгандыгы үчүн жазаланат. "Карагул ботом" окуясы ыр түрүндө, кара сөз формасында да эл арасында кеңири айтылат.

Варианттары. Чыгарманын эл ичинде айтылып жүргөн 5–6 варианты бар. Мерген Райым, Ашыр, Тумаш деп ар кайсы вариантта ар башка ысымда айтыла берет. Алардын бардыгынын көлөмү чакан. Анткен менен мергенчинин жаңылып, өз уулун атып алышы, ошондо кошулган кошок бардык варианттын негизги өзөгүн түзөт. Дастанды эл алдында акын-комузчулар Калык Акиев, Асылбек Эшмамбет, Ашыралы Айталиевдер айтып чыккан. Адабиятчылар мыкты варианттардын бири Сарыкунан Дыйканбаевдики деп айтышат. Ал Калыктын эң жакын шакирти болгондуктан, экөөнүн варианттары бири-бирине абдан окшош. Бирок, Сарыкунандыкына сюжеттик өзөгү окшош болгону менен чыгарманын көркөмдүүлүгү бир топ жогору деген пикирди адабиятчылар айтып келишет. Чыгарманы айтылуу комузчу Эшмамбетов да Калыктан үйрөнүп алып, мыкты аткарып, ал радионун фондусуна жазылып калган. Ал эми акыркылардан болуп китепке дастандын Кайдылда Ракматов, Ыбырай Бейшекеев жана Дыйканбаев айткан варианттары киргизилген.

Академик, экономист и географ Каип Оторбаев - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуу, футболчу, коомдук ишмер Кайып Оторбаев тууралуу кызыктуу 6 факты
Ашыралиев айткан "Карагул ботом". Акындын комуз менен муңканып аткарган дастаны башкача бир өңүттө чыккан. Окуяларды орду менен, табияттын адам жазымышы менен бирдигин шайкеш келтирип, чеберечиликте сүрөттөп берген. Анда "Асынып жүргөн бараның, какбаш, Ажалы беле баламын, какбаш!" – деген жүрөккө тийген саптары, баяндоолору арбын. Ал мурда айтып жүрбөсө да, уккан сюжетине салып "Карагул ботомду" Тажибай деген башкарманын өтүнүчү менен кайгылуу обонго келтирип, ошол замат шыдыр баяндап кеткенин эскерет.

Акындын аткаруусу менен чыгарманын элге таралуу масштабы кеңейип, ал тектеш элдин аудиториясын да камтыган.

Мергендин жүрөктү сыздаткан саптары. Чыгармада баласынан айрылган атанын муун-жүүндү сыздаткан армандуу өксүгү төмөнкүчө баяндалат:

Мен аркар атып тийгиздим, ботом,
Мен аркар тон кайдан кийгиздим, ботом.
Элик атып тийгиздим, ботом,
Элик тон кайдан кийгиздим, ботом.

Өлсөм турпак саларым, ботом,
Өксүсөм колдон аларым, ботом.
Өзөнүмдөн ай батып, ботом,
Өчтүңбү күйгөн панарым, ботом деп сыздайт мерген.

Жаңылыктар түрмөгү
0