БИШКЕК, 19-май. — Sputnik. Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда россиялык артист Валерий Леонтьевдин сахнадагы 45 жылдык юбилейлик концерти өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка караганда, концерт юбилейлик турдун алкагында 21-майда филармонияда өткөрүлүп, саат 18.00дө башталат.
Иш-чаранын уюштуруучулары сахнада Россия жылдызынын чыгармачылыгын чагылдырган шаңдуу шоу программа тартууланарын маалымдашты.