"Ырымдасыз..." Акын кыздар поэзия кечесине чакырат

© Фото / Кутманбек Кошалиевакын кыздар Айсулуу Эсен кызы, Нуркыз Рыскул кызы, Рыскүл Изатова
акын кыздар Айсулуу Эсен кызы, Нуркыз Рыскул кызы, Рыскүл Изатова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чарада акын кыздар өздөрүнүн ырларга камтылган купуя сырлары менен тең бөлүшөт.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Улуттук филармониянын кичи залында акын кыздар Айсулуу Эсен кызы, Нуркыз Рыскул кызы, Рыскүл Изатовалардын "Ырымдасыз" аттуу поэзия кечеси өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Акын, драматург жана котормочу Жоомарт Бөкөнбаевдин айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Акын Жоомарт Бөкөнбаев тууралуу кино көрсөтүлүп, эмгектери эскерилет
Маалыматка ылайык, "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондусунун сунушу менен өтө турган иш-чарада акын кыздар өздөрүнүн ырларга камтылган купуя сырлары менен тең бөлүшөт.

Эскерте кетсек, аталган фонд буга чейин Сагын Акматбекова баштаган бир топ акындардын поэзия кечесин өткөрүп келген.

Маданий иш-чара 19-май күнү саат 17.00дө башталат. Бардык каалоочулар үчүн эшик ачык.

Жаңылыктар түрмөгү
0