"Апамды издеп" тасмасы Германия менен Францияда көрсөтүлөт

© Фото / предоставлено Эдгаром ПевснеромФильм "В поисках мамы"
Фильм В поисках мамы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тасма 3-11-июнь аралыгында Германиянын бир катар шаарларында жана Франциянын Парижинде көрсөтүлөт.

БИШКЕК, 16 май — Sputnik. Режиссер Руслан Акундун "Апамды издеп" тасмасы Германия менен Франциянын ири шаарларында көрсөтүлөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Германиядагы "Kyrgyz Club" уюмунун президенти Бакыт Кобегенов билдирди.

Анын айтымына караганда, тасма 3-11-июнь аралыгында Германиянын бир катар шаарларында жана Франциянын Парижинде көрсөтүлөт.

"Үмүт-Надежда" балдар реабилитациялык борборун колдоо максатында биздин уюм Руслан Акундун жаңы тасмасын мекендештерге тартуулоону туура көрдүк. Тасма Германиянын Франкфурт, Штутгарт, Цвиккау жана Дюссельдорф шаарларында жана Парижде көрсөтүлөт", — деди Кобегенов.

Молодой актер, квнщик Азамат Уланов - Sputnik Кыргызстан
Жаш актер мачо-Азамат Америкага барып тасмага тартылып келди
Аталган тасма буга чейин АКШнын Чикаго, Нью-Йорк жана Лос-Анджелес шаарларында көрсөтүлгөн.

"Апамды издеп" тасмасы Азамат аттуу баланын апасын издеп Америкага чейин барганы тууралуу тартылган. Энесин элестете албай калган Азамат Лос-Анжелестен Данияр аттуу балага жолугуп калат да, тасманын сюжети андан ары уланат. Башкы ролдордо кыргыз актеру Азамат Уланов, Жеңиш Майрамбек уулу, Казакстандын алып баруучусу жана ырчысы Тауекел Муслим жана америкалык Майкл Мапонго ойногон.

Жаңылыктар түрмөгү
0