Таар боз үй, короздун жана кочкорлордун урушу. Өзбекстанда улуттук фестиваль өтүүдө

© AP Photo / Anvar IlyasovӨзбек бийчилери. Архив
Өзбек бийчилери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Байсун Бахори" аттуу өзбек улуттук фестивалы жети жылда бир өтүп турат.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Өзбекстандын Паданж аймагына жакын Байсун тоосунда "Байсун Бахори" аттуу өзбек улуттук фестивалы өтүүдө. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине фестивалдын катышуучусу, кыргызстандык сүрөтчү, кол өнөрчү Чолпон Аламанова билдирди.

Анын айтымында, бул фестиваль жети жылда бир өтөт.

Проведение свадебных мероприятий в юртах в Великобритании - Sputnik Кыргызстан
Боз үй асман тиреген имараттардын ордун баса баштаганда
"Учурда Өзбекстандын Байсун тоосунда улуттук оюн-зоок, көргөзмө-жарманкелер менен коштолгон фестиваль өтүүдө. Бул жакта да Кырчын жайлоосундагыдай катар-катары менен боз үйлөр тигилип, алар кийизден эмес, кооз таарлар менен жабдылган. Болжол менен 60га чукул боз үй тигилиптир. Фестивалда улуттук тамак-аш, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү уюштурулуп, кочкорлордун сүзүшү, короздордун урушу сыяктуу кызыктуу оюн-зооктор менен коштолууда. Ыр-бий менен коштолгон фестиваль 14-15-майга чейин болот", — деди Аламанова.

Ал фестивалга Кыргызстандын атынан катышып, өзүнүн кол эмгектерин көрсөтүп жатканын кошумчалады.

Чолпон Аламанова ар түрдүү улуттук оймо-чийме түшүрүлгөн буюмдарды жана кийим-кечелерди жасайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0