Кыргызстандыктар "Китепканадагы түнгө" күбө болушат

Жазылуу
Ал жердеги жаштар кыргыз коомуна да кеңири тараган "Мафия", "Китепкана катылган сырларды ачат", "Жомок жана түн" оюнуна катыша алат.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада 16-майда "Китепкана түнү — 2017" өтүп, келгендер көп кызыктарга күбө болот. Бул туурасында "Таза коом" долбоорунан кабарлашты.

Бул күнү китепкана демейкиден узак иштеп, кызматкерлер келгендерди өз оюна коёт. Коноктор каалаган аянтчага барып, түзүлгөн топторго кошула алат.

Бул күнү "Сен ак болсоң, мен ак болсом – коом таза болот!" деп аталган китептердин түстүү көргөзмөсү, театрлаштырылган оюндар, чыгармачыл мастер-класстар өтөт. Келгенде каллиграфия, тогуз коргоол, астрология сырлары, йога, цигун жана башка темалардан кеңири маалымат алат.

Окурмандарга сунушталган кыргыз тилиндеги сегиз мыкты китеп - Sputnik Кыргызстан
Окурмандарга сунушталган кыргыз тилиндеги сегиз мыкты китеп
Андан сырткары, журналист жана жазуучу Султан Жумагуловдун "Кыргызча жашоо бормулалары" жеп аталган китебинин бет ачары болот.

Ал жердеги жаштар кыргыз коомуна да кеңири тараган "Мафия", "Китепкана катылган сырларды ачат", "Жомок жана түн" оюнуна катыша алат. Аны менен катар келгендер 3D принтер, робототехника менен жакындан таанышат. Адабий жолугушуулар өтүп, балдар менен ата-энелердин китеп окуу боюнча конкурсу уюштурулат.Мындан тышкары, концерттик программа да тартууланат.

"Китепкана түнүнө" мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, илимпоздор, мугалимдер, маданият адамдарынын катышуусу күтүлүүдө. Андан сырткары, жогорку окуу жайлардын, жергиликтүү башкаруу органдарынын, элчиликтер менен эл аралык уюмдардын, ар кыл басылмалардын өкүлдөрү келет. Бул иш-чара студенттер менен окуучуларсыз өтпөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0