Бүгүн куурчак театрында корей дискотекасы болот

© Sputnik / Табылды КадырбековТүштүк Корея бийи. Архивдик сүрөт
Түштүк Корея бийи. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сахнадагы артисттер алгач заманбап, андан соң улуттук бийлерди аткарышат.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Бүгүн Муса Жангалиев атындагы куурчак театрында көчмөн корей элинин 80 жылдыгына карата бий шоусу болорун Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган театрдын жетекчиси Сатылган Сазаев билдирди.

"Саат экиде куурчак театрынын алдында Түштүк Кореядан келген бийчилер көчмөн корей элинин 80 жылдыгына карата өткөрүп жаткан иш-чарасынын алкагында өспүрүмдөр үчүн бий шоусун арнайт. Алгач ачык асман алдында балдар үчүн дискотека уюштурулуп, кийин сахнада бир нече муундун бийлери тартууланат", — деди Сазаев.

Сахнадагы артисттер алгач заманбап, андан соң улуттук бийлерди аткараары белгилүү болду.

Шоу-программа акысыз болгондуктан, театр жетекчилиги бардык каалоочуларды көңүл ачып кетүүгө чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0