Кыргыз жигити Элчибек Грециянын тоолорунан сыбызгыда ойноду

© Sputnik / Жоомарт УраимовМузыкант Элчибек Кадырбековдун архивдик сүрөтү
Музыкант Элчибек Кадырбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элчибек Пуэрто-Рико мамлекетинин ырчылары Дэдди Янки жана Луис Фонсинин Despacito аттуу ырын улуттук аспапка салып ойноду.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Кыргыз жигити Элчибек Кадырбеков Грециянын Санторини аралында сыбызгы ойногон видеосун өзүнүн Facebook социалдык баракчасына жүктөгөн.

Элчибек Кадырбеков Sputnik Кыргызстан агенттигине кыргыздын улуттук аспабы сыбызгыда дүйнөлүк хиттерди аткарып берген.

Чоор, сыбызгы жана фортепианону куюлуштурган 11 жаштагы Элдар - Sputnik Кыргызстан
Чоор, сыбызгы жана фортепианону куюлуштурган 11 жаштагы Элдар
Бул жолу Элчибек Пуэрто-Рико мамлекетинин ырчылары Дэдди Янки жана Луис Фонсинин Despacito аттуу чыгармасын улуттук аспапта ойноду.

Элчибек Кадырбеков кесиби боюнча машина куруу инженери болгону менен учурда туризм тармагында эмгектенет. Мындан тышкары, улуттук музыкалык аспаптарда кол ойнотуп, чыгармачылык менен алектенип калган жайы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0