Балдарды классикалык музыкага жетелеген концерт тартууланат

© Sputnik / Табылды КадырбековМузыкальные смычковые инструменты
Музыкальные смычковые инструменты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Концерт 23-май күнү Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында болот.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Балдар филармониясы программасынын алкагында кичинекейлер үчүн "Классиканын королу" деп аталган концерт өтөт. Бул туурасында Роза Отунбаеванын демилгелери эл аралык коомдук фондусунан кабарлашты.

"Концертте классикалык музыканын берметине айланган чыгармалар аткарылып, ал балдардын ички маданий дүйнөсүнүн байышына өзүнүн салымын кошот", — деп айтылат маалыматта.

Аталган фонд Балдар филармониясы программасынын алкагында буга чейин да бир нече иш-чараларды өткөргөн.

Концерт 23-май күнү Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында өтмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0