Бишкекте куурчак театрлары үчүн "Так теке" эл аралык фестивалы өтөт

Жазылуу
Эл аралык масштабдагы иш-чара биринчи ирет Кыргызстанда 2015-жылы уюштурулган.

БИШКЕК, 11-май. — Sputnik. Бишкек шаарында 26-30-май күндөрү куурчак театрларынын арасында "Так теке" эл аралык фестивалы болорун Sputnik Кыргызстан агенттигине Муса Жангазиев атындагы куурчак театрынын жетекчиси Сатылган Сазаев билдирди.

Фестивалга Россия, Казактан, Өзбекстан жана Тажикстан мамлекеттеринин куурчак театрларынин келиши күтүлүүдө.

"Учурда даярдык жүрүп жатат. Азырынча Россия, Казакстан, Өзбекстандын артисттери келе турганын тастыкташты. Эми Тажикстандын жообун күтүп жатабыз. Фестивалга Ош шаарынын куурчак театры дагы катышат", — деди Сазаев.

"Так теке" эл аралык фестивалы биринчи ирет Кыргызстанда 2015-жылы өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0