01:11 21 Кулжа 2018
Түз эфир
  • USD68.3076
  • EUR78.9465
  • RUB1.0737
Сегиз жаштагы Томирис Алымсеитова Астана калаасында өткөн “Ачык Казакстан” деп аталган эл аралык конкурс-фестивалда биринчи орунду ээледи

Кыргызстандык сегиз жашар кыз Астанадагы эл аралык конкурста жеңүүчү болду

© Фото / Асель Мамбетова
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
52510

Биздин мекендеш кызыбыз үч өлкөдөн келген 67 ырчынын ичинен мыкты деп таанылды.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Сегиз жаштагы Томирис Алымсеитова Астана калаасында өткөн “Ачык Казакстан” деп аталган эл аралык конкурс-фестивалда биринчи орунду ээледи. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине жаш ырчынын энеси Асель Мамбетова билдирди.

Конкурска Россия менен Казакстандан да жаш аткаруучулар келишкен. Томирис 67 талантуу балдардын ичинен мыкты ырчы деп таанылды. 

  • Сегиз жаштагы Томирис Алымсеитова Астана калаасында өткөн “Ачык Казакстан” деп аталган эл аралык конкурс-фестивалда биринчи орунду ээледи
    Сегиз жаштагы Томирис Алымсеитова Астана калаасында өткөн “Ачык Казакстан” деп аталган эл аралык конкурс-фестивалда биринчи орунду ээледи
    © Фото / Асель Мамбетова
  • Томирис эки жылдан бери вокал менен алектенип, Таберик музыкалык театрынан билим алып келет. Учурда жаш талант жеке мектепте экинчи класста окуйт.
    Томирис эки жылдан бери вокал менен алектенип, "Таберик" музыкалык театрынан билим алып келет. Учурда жаш талант жеке мектепте экинчи класста окуйт.
    © Фото / Асель Мамбетова
1 / 2
© Фото / Асель Мамбетова
Сегиз жаштагы Томирис Алымсеитова Астана калаасында өткөн “Ачык Казакстан” деп аталган эл аралык конкурс-фестивалда биринчи орунду ээледи

Кыздын энесинин айтымында, Томирис эки жылдан бери вокал менен алектенип, "Таберик" музыкалык театрынан билим алып келет. Учурда жаш талант жеке мектепте экинчи класста окуйт. 

"Биз аларга катышаарыбыз тууралуу арыз жиберсек, чакыруу жөнөтүшүптүр. Кызым жогорку профессионализми үчүн ардактуу сыйлыкка татыды. Аны конкурстан кийин, гала-концертти бис стилинде ырдап берүүчүн суранышты", — деп айтып берди Мамбетова. 

Кыргызстандык кичинекей кыз атактуу Робертино Лореттинин "Жамайка" чыгармасын аткарган Калыстар тобунда Казакстандын аттуу-баштуу Марат Омаров, Айтжан Токтаган сыяктуу маданият кызматкерлери болгон. 

Томиристен сырткары Бишкек шаарынан барган №6 Жумамүдүн Шералиев атындагы музыкалык мектептин алдында уюшулган "Жаш Канат" бий тобу да "хореография" номинациясы боюнча биринчи орунду ээлеген. Бул туурасында "Кыргызстан — Астана" кыргыз этномаданий бирикмесинин төрагасы Шавкат Исмаилов кабарлады.

Тема боюнча

Кыргызстандык үч наристе Максим Галкиндин шоусун дүңгүрөттү
Белгилер:
вокал, ырчы, конкурс, "Жаш канат" бийчилер тобу, Казакстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ