"Олжо" тасмасы Шотландияда өтүүчү фестивалга чакырылды

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүКинопленка. Архив
Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тасмада эки башка маданияттын өкүлдөрүнүн капысынан кезигип калгандагы окуясы баяндалат.

БИШКЕК, 4-май. — Sputnik. Жаш режиссер Болсунбек Таалайбек уулунун кыска метраждуу "Олжо" тасмасы Шотландияда өтүүчү XpoNorth Creative Inducrties Festival фестивалына чакырылгандыгын Кинематографты колдоо фондусунан билдиришти.

Иш-чара ушул жылдын 7-8-июнунда өтөт.

Кентавр тасмасынан кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Кентавр" тасмасы Бельгиядагы фестивалда баш байгени жеңип алды
Тасмада эки башка маданияттын өкүлдөрүнүн капысынан кезигип калгандагы окуясы баяндалат.

XpoNorth Creative Inducrties Festival – Шотландияда өзүнө кино, телеиндустрия, дизайн жана басылма жаатын камтыган алдыңкы фестивалдардын бири. Бул иш-чарага катышкандарга чет өлкөлүк кесиптештер менен чыгармачыл мамиле түзүүгө, пикир жана идея алмашууга эң сонун шарттар түзүлөт.

Болсунбек Таалайбек уулу учурда "Айтыш-фильм" киностудиясында эмгектенет. Анын "Олжо" тасмамы буга чейин бир катар ата мекендик фестивалдарга катышып, баш бейгелерди жеңген.

Жаңылыктар түрмөгү
0