"Кыргыз айылы" этно фестивалында улуттук маданият көрсөтүлөт

Жазылуу
Жыл сайын этно-фестивалга үч миңден ашуун адам катышат.

БИШКЕК, 2-май. — Sputnik. Жыл сайын өтүүчү "Кыргыз айылы" этно фестивалы 7-майда Арашан айылындагы Татыр капчыгайында болоорун уюштуруучулар билдирди.

Фестивалдын алкагында анда улак тартыш, жаздык күрөш, салбуурун жана чүкө оюндары көрсөтүлүп, кыргыздын маданияты келгендерге тартууланат.

Ошондой эле коноктор атка минип, жаа атып көңүл ачса болот.

Уюштуруу тобунун билдиргенине караганда, жыл сайын бул иш-чарага үч миңден ашык адам катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0