Ош шаарында корей маданиятынын айы өткөрүлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековВторые всемирные игры кочевников на Иссык-Куле
Вторые всемирные игры кочевников на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Корей маданиятынын айын өткөрүүнүн алкагында кинолор көрсөтүлүп, ыр, бий сынагы уюштурулат. Андан сырткары, ОшТУда корей тили боюнча оратордук мелдеш өткөрүлөт.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров 27-апрелде Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчиси Жонг Бёнг Ху менен жолугуп, Ошто корей маданиятынын айын өткөрүү боюнча сүйлөштү. Бул тууралуу Ош мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Страны мира. Южная Корея - Sputnik Кыргызстан
Түштүк Кореядагы кыргыздар: биз жакта абал тынч, мурдагыдай эле иштеп жүрөбүз
Аскаров Ош шаарында корей тилин өздөштүргөн жаштар арбын экендигин айтып, маданият айы ийгиликтүү өтө тургандыгын кошумчалады.

Өз кезегинде элчи Жонг Бёнг Ху билим берүү, айыл-чарбасын өнүктүрүү багытында түрдүү долбоорлор, семинарлар ишке ашып жаткандыгын билдирди. Ошондой эле мындан ары экинчи борбор шаарда да элчилик тарабынан түрдүү иш-чаралар уюштурулуп турарын белгиледи.

Корей маданиятынын айын өткөрүүнүн алкагында кинолор көрсөтүлүп, ыр, бий сынагы уюштурулат. Андан сырткары, ОшТУда корей тили боюнча оратордук мелдеш өткөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0