15:08 14 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.8979
  • RUB1.0880
Кыргыздын белгилүү балеринасы Бүбүсара Бейшеналиева. Архив

Жакында "Балерина" китеби балдарга тартууланат

© Фото / Александр Федоров
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
4901

"Балерина" — бийге кызыккан кичинекейлер үчүн эмес, дегеле мекени, анын таланттуу атуулдары, эмгек, өжөрлүк туурасында билгиси келгендер үчүн жазылган эмгек.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Жакында кичинекейлерге арналган кыргыздын туңгуч балеринасы Бүбүсара Бейшеналиева туурасындагы "Балерина" деп аталган китептин бет ачары болот. Бул туурасында Роза Отунбаеванын демилгеси эл аралык коомдук фондусунан кабарлашты.

"Балерина" — бийге кызыккан кичинекейлер үчүн эмес, дегеле мекени, анын таланттуу атуулдары, эмгек, өжөрлүк туурасында билгиси келгендер үчүн жазылган эмгек. Китепте кичинекей Бүбүсаранын жашоосун, анын бийди кандай жакшы көргөндүгүн, талбаган аракетинин артында атактуу бийчи болгондугу балдардын тилинде баяндалган.

Андагы сүрөттөр кичинекейлер гана эмес, чоңдорду да кайдыгер калтырбайт.

Китептин автору — Нурия Шагапова. Ал эми аны жарыкка чыгарууга Швейцариянын Кыргызстандагы элчилиги көмөк көрсөткөн.

Иш-чара 3-майда Чолпонбек Базарбаев атындагы хореографиялык училищесинде өтөт.

Тема боюнча

"Коркут Ата" менен Казакстандагы фестивалга барган кыргыз драмтеатры 2-орунду ээледи
Апендинин жоруктары жаңыланып, балдар үчүн комикс китепче болуп чыкты
Белгилер:
балдар, китеп, балерина, Бүбүсара Бейшеналиева

ЭҢ МААНИЛҮҮ