Бишкек маданий форумуна 24 өлкөнүн өкүлдөрү катышууда

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук кийим кийген кыздар. Архив
Улуттук кийим кийген кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекте башталган иш-чарага Марокко, Индонезия, Словения, Италия, Түркия жана Кытай өңдүү 24 өлкөнүн өкүлдөрү катышып жатат.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Бишкекте кыргыз маданияты менен 24 өлкөдөн келген коноктор таанышат. Бул тууралуу Фольклордук фестивалдар жана маданий топтор эл аралык уюмунун Кыргызстандагы комитетинин башчысы Татьяна Мосиевская билдирди.

Культурные мероприятия в рамках Всемирных игр кочевников на джайлоо Кырчын - Sputnik Кыргызстан
Ууру жигиттин башы алынып атасынын мойнуна илинген. Каада-салт тууралуу маек
Маалыматка ылайык, 26-апрелде борбор калаада Бишкек маданий форуму башталды. Ага Түрк маданияты эл аралык уюму, Марокко фестивалдар ассоциациясы, Дельфи эл аралык комитети жана Гвалиора шаарынын спорт жана маданият ассоциациясынын өкүлдөрү катышууда.

Эл аралык уюмдун Кыргызстандагы комитетинин башчысы Татьяна Мосиевскаянын айтымында, иш-чара жаштарга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берет.

"Алар кыргыз маданияты менен таанышып, ар кайсы мамлекеттин маданиятынын өнүгүүсүн жана байланышын талкуулашат. Бул жаштардын чоң долбоорлорго катышуусуна жол ачкан өзгөчө аянтча жана чет элдик жогорку окуу жайларга өтүп кетишине дагы жол ачат. Биз бул форумдан көп нерсени күтөбүз", — деди Мосиевская.

Аталган саамалыкка Марокко, Индонезия, Словения, Италия, Түркия жана Кытай өңдүү 24 өлкөнүн өкүлдөрү катышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0