Алматыда кыргыз искусство өкүлдөрүнүн эмгектери тартууланган көргөзмө өтөт

© Sputnik / Анатолий Устиненко / Медиабанкка өтүүВиды Алма-Аты
Виды Алма-Аты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көргөзмөгө баш-аягы болуп живопись, коллаж, скульптура тармагындагы 110 эмгек коюлган.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Алматы шаарындагы мамлекеттик музейде бүгүн кыргыздын белгилүү сүрөтчүлөрү менен скульпторлорунун эл аралык көргөзмөсү ачылат. Бул туурасында Канематографты колдоо фондусу маалымдады.

Санкт-Петербург мамлекеттик академиялык институтуна Сүймөнкул Чокморовдун бюсту берилди - Sputnik Кыргызстан
Чокморовдун бюсту өзү билим алган Санкт-Петербургдагы институтка берилди
Көргөзмөгө баш-аягы болуп живопись, коллаж, скульптура тармагындагы 110 эмгек коюлган.

Казакстандык жарандар сүрөтчүлөр Жылкычы Жакыпов, Юристанбек Шыгаев, Талант Огобаев, Эркин Салиев, Талгат Асыранкулов, живописчилер Нарын Турпанов, Евгения Бойкова, Сансыз Мирзираимов, скульптор Арстанбек Шаршекеев, Марат Огобаев жана Аскар Турумбековдун эмгектери менен тааныша алышат.

Бул искусство адамдарын 1980-жылдары түптөлгөн "Жаңы толкун" деп аталган чыгармачыл топ бириктирип турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0