Кыргызстандык кыз Улуу Британиядагы X-factor шоусуна чакыруу алды

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекчанка Анжелика Коломейцева
Бишкекчанка Анжелика Коломейцева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектик кызга өзүн жана Кыргызстанды беделдүү музыкалык аянтта көрсөтүүсүнө мүмкүнчүлүк жаралды.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Бишкектик Анжелика Коломейцева Улуу Британияда өтө турган X-factor шоусунун биринчи этабына өткөнүн Sputnik Кыргызстан агенттигине өзү билдирди. 

Анжелика Коломейцева шоуга катышууга төртүнчү ирет талапкер болуп жатат.

"Мен төрт жыл бою видеолорумду жиберип турдум. Ар биринде чакыруу келип жатты. Бирок каржынын тартыштыгынан улам барбай калгам. Азыр деле бул көйгөй бар, бирок мен Кыргызстандын намысын эл аралык деңгээлде коргогум келет. Ар кайсы уюмдарга кайрылдым, бардыгы оң жооп берген жок. Менин талмам бар. Буга байланыштуу жалгыз бара албайм. Үй-бүлөм чыгымдарды көтөрө албайт", — деди Коломейцева.

Катышуучуларды тандоо төрт этаптан турат:

  • Продюсерлердин кастинги (калыстар тобунун алдында өнөр тартуулоого болот);
  • Телекастинг (көрүүчүлөр менен калыстар тобунун алдында өнөр тартуулоо);
  • Машыгуу лагери (катышуучулар калыстар тобунун тапшырмаларын аткарат, алар ар бир категориядан үчтөн, жалпы 12 талантты тандап алат);
  • Түз эфирлер.

Анжелика Коломейцева X-factor шоусунун биринчи этабынан өттү. Кийинки угуулар Манчестер шаарында өтөт. Биринчи этап 14-майда аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0