Кыргызстандагы эң мыкты клуб менен китепканага сыйлык тапшырылды

Жазылуу
Республикалык кароо-сынакка жалпысынан 704 клуб жана 1061 китепкана катышкан.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. КР Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков "Эң мыкты клуб" жана "Эң мыкты китепкана" наамына татыктуу болгондорду сыйлады. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, 15-апрелде Түгөлбай Казаков Ош шаарына иш сапары менен барып, Ош облустук китепканасынын залында 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча "Эң мыкты клуб" жана "Эң мыкты китепкана" наамдарын тапшырган.

Китепкана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын эң начар китепканалары аныкталды
"Эң мыкты клуб" наамына Баткен облусунун Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл өкмөтүндөгү Кара-Булак айылынын маданият үйү, Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кашка-Суу айылынын маданият үйү жана Токтогул районундагы Саргата айылынын К.Жаманбаев атындагы маданият үйлөрү татыктуу болду.

Ал эми "Эң мыкты китепкана" Баткен районунун Бужум айылынын китепканасы, Жалал-Абад облустук китепкана жана Токтогул Сатылганов атындагы Ош облустук китепканаларына сыйлыктар тапшырылды.

Республикалык кароо-сынакка жалпысынан 704 клуб жана 1061 китепкана катышкан.

Окурмандарга сунушталган сегиз мыкты китепти Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган лонгридден көрсөңүз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0