"Ак Илбирс" улуттук кино сыйлыгы: "Ата керээзи" 8 номинация боюнча мыкты аталды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ак Илбирс" улуттук кино сыйлыгы. Архив
Ак Илбирс улуттук кино сыйлыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпысынан 18 номинация боюнча жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылган.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. "Ак Илбирс" улуттук кино сыйлыгынын жеңүүчүлөрү 14-апрелде аныкталып, сыйлоо салтанаты "Манас" кино театрында өттү.

Аталган иш чара Маданият маалымат жана туризм министрлигине караштуу Кинематография департаментинин, КР кинематографисттер союзунун, "Айтыш" коомдук фондусунун жана Кинематографияны өнүктүрүү фондусунун колдоосу менен уюштурулган.

Сыйлыктардын көбүн "Ата керээзи" тасмасы алды. "Эң мыкты тасма" номинациясы да аталган тасмага ыйгарылды. Ошондой эле "Мыкты режиссер", "Мыкты сценарий", "Мыкта оператор", "Мыкты художник", "Мыкты монтаж", "Эркектин мыкты ролу" номинациялары боюнча да мыкты деп табылды.

Ал эми "Мунабия" тасмасы "Мыкты композитор", "Мыкты үн режиссер", "Аялдын мыкты ролу" номинациялары боюнча жеңишке жетти.

"Көрөрмандардын купулуна толгон мыкты тасма" номинациясына "План Б" киносу ээ болду.

Саманчынын жолу тасмасынан кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыздын кыйын кыздары. Бүшүркөбөй бүт баарын таап чыга аласызбы. Тест
"Мыкты даректүү тасма" деп "Жашыл жазда кыялдарым" тасмасы аталды.

"Мыкты кыска метраждуу тасма" сыйлыгы "Олжо" кинокартинасына берилди.

"Борбор Азиянын мыкты актеру" наамы "Маймылдын түшү" (Тажикстан) тасмасында роль жараткан Баходур Миралибековго ыйгарылса, "Борбор Азиянын мыкты актрисасы" деп "Күздүн таржымалы" ("Подробности осени") (Өзбекстан) тасмасында каармандын образын ачып берген Феруза Саидова табылды. "Борбор Азиянын мыкты тасмасы" номинациясында "Энеге карай жол" (Казакстан) фильми ээ болду.

Белгилей кетсек, "Улуттук кинематографияга кошкон зор салымы үчүн" атайын сыйлык эл жазуучусу, драматург, сценарист Мар Байжиевге тапшырылган. Андан сырткары "Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн" атайын сыйлык түркмөн кинорежиссеру, сценарист Ходжакули Нарлиевге берилген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0