"Ак маралдын" кымча бел кыздары концерт берет

Жазылуу
Мелис Асылбашев "Ак маралды" 1983-жылдан 2014-жылга чейин жетектеген.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Кыргыз Эл артисти, балетмейстер Мелис Асылбашевдин 70 жылдыгына карата "Ак марал" бий ансамбли чоң программадагы концерт бере турганын Улуттук филармониянын маалымат бөлүмүнөн Sputnik Кыргызстан агенттигине билдиришти.

"Концерт оркестрдин коштоосунда болуп, ар улуттун бийлери тартууланат. Салтанат 5-май күнү Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда өтөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Алгач чакан бий тобу катары 1939-жылы түзүлгөн ансамблди 1983-жылдан 2014-жылга чейин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Мелис Асылбашев жетектеген.

Кыргыз бийинин лабораториясы деп аталып жүргөн бул топтун азыркы көркөм жетекчиси КР эмгек сиңирген артисти Анара Нургалиева болуп эсептелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0