"Манас" кинотеатрынын алдына "Даңк аллеясы" ачылмай болду

© AFP / TIMOTHY A. CLARYОтпечатки пальцев бывшего игрока НФЛ Дикона Джонса
Отпечатки пальцев бывшего игрока НФЛ Дикона Джонса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уюштуруучулар ата мекендик жана дүйнөлүк кинематографияга салым кошкон белгилүү инсандардын атын түбөлүк калтырууну көздөп жатат.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Улуттук "Ак илбирс" киносыйлыгынын алкагында "Айтыш" коомдук фондусунун демилгеси менен "Манас" кинотеатрынын кире беришине белгилүү кинематографтардын алакан жана бутунун изи түшүрүлгөн плиткалар төшөлөт. Бул тууралуу "Айтыш фильм" киностудиясынын маалымат катчысы Чолпон Идрисова билдирди.

Уюштуруучулар ушундай жол менен ата мекендик жана дүйнөлүк кинематографияга салым кошкон белгилүү инсандардын атын түбөлүк калтырууну көздөп жатат.

"Быйыл биринчилерден болуп Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, кинодраматург, сценарист Мар Байжиев менен түркмөн кинорежиссеру, сценарист Ходжакули Нарлиевдин алакан жана бутунун издери түшүрүлөт", — деп айтылат маалыматта.

Алтынчы жолу өткөрүлүп жаткан киносыйлыктын жеңүүчүлөрү 14-апрелде белгилүү болот.

Кошумчалай кетсек, "Ак илбирс" улуттук киносыйлыгы 2012-жылы негизделип, 18 номинация боюнча Кыргызстандагы жана Орто Азиядагы мыкты тасмаларды аныктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0