"Кухнядагы" Айнура тартылган француз режиссерунун тасмасы Бишкекте көрсөтүлөт

© Фото / предоставлено Жаныл Асанбековой"Кухня" сериалынан кийин белгилүү болгон актриса Жаңыл Асанбекова. Архив
Кухня сериалынан кийин белгилүү болгон актриса Жаңыл Асанбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңыл Асанбекованы Тышкы иштер министрлиги сунуштаган.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. "Кухня" сериалынан кийин белгилүү болгон актриса Жаңыл Асанбекова тартылган француз режиссерунун "Разбуди меня" тасмасы жакында Бишкекте көрсөтүлөт. Бул тууралуу аталган тасманын продюсери Sputnik Кыргызстан агенттигине Татьяна Петрик билдирди.

Анын айтымында, тасма Россияда тартылып, анда орус актерлеру менен биргеликте Асанбекова да баңги бизнеси менен алектенген аялдын ролун жараткан. Тасманын негизги сюжетинде криминалдык окуялар, миграция маселеси көтөрүлүп, сүйүү баяндарына да токтолот.

Торжественная церемония закрытия 23 Международного кинофестиваля Листопад в Минске - Sputnik Кыргызстан
Радио
Дастан Жапар уулу: бир айда беш сынакка катышуу биз үчүн чоң сыймык
"Тасмага азиат улутундагы актриса керек болуп Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине чалсак, Жаңыл Асанбекованы сунушташты. Өзүм Кыргызстанда Кара-Балтада төрөлүп, чоңойгом, бирок учурда Россияда жашайм. Тасмабызды Кыргызстанда да көрсөтүүнү чечип, Светлана Назаренко, Жылдыз Осмоналиеванын сунушу менен кечээ премьера болду. Биз менен бирге орус актерлер, француз режиссер да келген. Алар Кыргызстанга келип, эми кеткилери келбей жатат", — деди Петрик.

"Разбуди меня" тасмасы шаар тургундарына 20-апрелден тарта бардык кинотеатрларда тартуулана баштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0