"Ата керээзи" тасмасы апрель-майда төрт эл аралык фестивалга катышат

© Фото / Дастан Жапар уулуФильм "Завещание отца" ("Атанын керээзи")
Фильм Завещание отца (Атанын керээзи) - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган тасма 15 күн катары менен АКШ, Кытай, Иран жана Германияда өтө турган ири эл аралык кинофестивалдарга барат.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. "Ата керээзи" тасмасы төрт ири эл аралык фестивалга катышат. Бул тууралуу режиссерлордун бири Дастан Жапар уулу маалымдады.

Анын айтымында, аталган тасма эки жумадан ашык убакыттын ичинде төрт мамлекеттеги кинофестивалдарга барат.

"14-21-апрелде АКШда Tiburon International Film Festival, 16-23-апрелде Кытайда Beijing International Film Festival, 21-28-апрелде Ирандагы Fajr International Film Festival, 26-апрелден 2-майга чейин Германиядагы GoEast кинофестивалдарында ат салыша турган болду", — деди режиссер Дастан Жапар уулу.

Мындан сырткары, "Ата керээзи" тасмасы жана анын жаратуучулары 14-апрелде өтө турган "Ак илбирс" улуттук кинопремияда 8 номинация боюнча жеңишке жетишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0