Саматбек Ибраев: манасчылардын жан дүйнөсү гана эмес, чөнтөгү да бай болушу керек

© Sputnik / Табылды КадырбековОснователь общественного фонда "Саякбай манасчи" Самат Ибраев
Основатель общественного фонда Саякбай манасчи Самат Ибраев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көпчүлүк көр тиричилик менен алек болуп жүргөндө улуттук баалуулуктарды даңазалап, каада-салт, тарыхыбыз үчүн ичкен ашын жерге койгон эр азаматтарыбыз бар экенин көрүп кубанасың.

"Манас" эпосун өркүндөтүүгө опол тоодой салым кошуп келген экс-депутат, "Саякбай манасчы" эл аралык фондунун президенти Саматбек Ибраев менен журналист Исмаил Мамытов маектешип, фонддун ишмердүүлүгү, манасчылык өнөрдү жайылтуудагы иштер тууралуу билип көрдү.

— Фонддун негизги максаты кандай? Эмне иштерди аткарасыздар?

Манасчы Үмөт Дөөлөтов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кичинекей манасчы Үмөт тууралуу кызыктуу сегиз факты
— "Саякбай манасчы" фонду 2014-жылы 17-февралда негизделген. Бул жылы Саякбай Каралаевдин 120 жылдыгы белгиленген. Фонддун девизи – өлгөндөр баркталмайын, тирүүлөр даңкталбайт. Негизи эле тарыхыбызды, маданиятыбызды, каада-салтыбызды унутпашыбыз керек. Ошондуктан улуу манасчынын 120 жылдыгы сөзсүз белгилениши керек деген максатта фондду негиздегенбиз. Эсимде ошол жылы маараке жогорку дэңгээлде өткөрүлгөн. Ошол эле жылы Талантаалы Бакчиев 7 күн, 7 түн Манас айттыруу боюнча демилге көтөрүп, ишке ашырганбыз. Учурда ал салтка айланып, үч жылдан бери 7 күн, 7 түн Манас айтылып келет. Мындан сырткары, Саякбай Каралаевдин айкелдери Балыкчы, Бишкек шаарларына тургузулду. Илимдер академиясы менен биргеликте улуу Манасчынын энциклопедиясын басып чыгардык. Мектептеги балдар арасында уюштурулуп жаткан "Манас таануу" телесынагын уюштуруп, демөөрчүлүк кылып келебиз. Былтыр күзүндө болсо жаш манасчылардын сынагын өткөрдүк. Манас айтуу өнөрүн чет жака жайылтуу максатында "Саякбай" тасмасын тартып бүттүк. Буюрса жайында жалпы журтка тартууланат. Жалпы жонунан манасчылык өнөрдү өркүндөтүүгө бардык аракетибизди жумшап келебиз.

© Sputnik / Табылды КадырбековСаматбек Ибраев: бизге патриот жигиттерибиз жардам берип келет. Бирок дээрлик көпчүлүгүн өзүм каржылайм. Манасчылар бүгүнкү күндөгү эң бай адамдар болушу керек. Жан дүйнөсү гана эмес, материалдык жактан дагы
Основатель общественного фонда Саякбай манасчи Самат Ибраев - Sputnik Кыргызстан
Саматбек Ибраев: бизге патриот жигиттерибиз жардам берип келет. Бирок дээрлик көпчүлүгүн өзүм каржылайм. Манасчылар бүгүнкү күндөгү эң бай адамдар болушу керек. Жан дүйнөсү гана эмес, материалдык жактан дагы

— Манас айтуу өнөрүнө учурда кандай мамиле жасалууда, кийинки муунга өткөрүп берүү жагы каралып жатабы?

— Уучубуз куру эмес. Жан дили менен Манас айтып, өнөрдү улай турган жаштарыбыз чыгып келүүдө. Жогоруда айткандай, мектептерде сынактарды уюштуруп жатабыз. Ошол сынактарда башка улуттун балдары Манас айтканда маңдайың жарыла кубанасың. Кечээ жакында эле Мамлекеттик каттоо кызматынын Бишкек шаардык бөлүмүндөгү 150 киши "Манас таануу" сабагын окуйт элек деп кайрылышты. Учурда эки айга келишим түзүп, аларды окуталы деп турабыз. Буюрса Ошто филиалыбызды ачканбыз. Ал жакта да Манас таануу боюнча сабактар өткөрүлөт. Бүгүнкү күндө манасчылык өнөргө өзгөчө көңүл бурулууда десем жаңылышпайм.

— Көпчүлүк учурда долбоорлор борбор калаа менен гана чектелет. Сиздерде кандай болуп жатат?

— Биз аймактар менен да иштешүүгө аракет кылабыз. Бүгүн эле эки топ Ак-Талаага чыгып кетишти. Алар окуучулар менен жолугуп, Манасты жайылтуу боюнча иш-чараларды уюштуруп келет. Буюрса алыскы райондор менен иштешүүнү колго алып жатабыз.

— Буга чейин манасчы Улан Исмаиловдун 18 саат Манас айтканын Гиннестин рекорддор китебине киргизүү аракети башталганын айттыңыз эле.

Комузист Асылбек Насирдинов - Sputnik Кыргызстан
Асылбек Насирдинов: жакында күүлөрүмдү уруксатсыз алгандарга чекит коём
— Ушул маселе боюнча аракеттер башталган. Маалыматтарды тактап көрсөк, Гиннестин рекорддор китебине киргизүү үчүн көп каражат жумшалат экен. Ошол маселеге барып такалдык. Учурда ал каражатты башка максатка жумшап, мисалы республикалык "Манас таануу" сынагын уюштуруу сыяктуу долбоорлорго коротсок деп чечтик. Бирок ал тилекти орундатчу күн дагы алыс эмес.

— Каржы маселеси деп калдыңыз. Фондду ким каржылайт?

— Бизге патриот жигиттерибиз жардам берип келет. Бирок дээрлик көпчүлүгүн өзүм каржылайм. Манасчылар бүгүнкү күндөгү эң бай адамдар болушу керек. Жан дүйнөсү гана эмес, материалдык жактан дагы. Аны ишке ашыруу жолдорун ойлонуп, буюрса өзүн актай турган долбоорлорду ишке киргизебиз. Мына быйыл анимациянын 40 жылдыгы белгиленет. Ошого байланыштуу толук метраждуу Манастын мультфильмин тарталы деп жатабыз. Балдарга бала бакчадан тарта "Манасты" үйрөтүшүбүз керек. Бул долбоор балдарга абдан пайдалуу болуп, каражат жактан да киреше алып келет. Элибиз "Манастан" каражат аябайт деп ойлойм. Канча каражат түшсө, эки эсе кылып өзүбүз кошуп, жакшы долбоорлорго жумшайбыз.

© Sputnik / Табылды КадырбековСаматбек Ибраев: жакшы адаттарды өзүңө жуктура билүү керек. Ошондо гана алдыга өсөсүң. Максат коюп, план түзүү керек. Бир киши 62 жашында бизнес баштап, миллиордер болгон. Андыктан иш баштоо эч качан кеч эмес
Основатель общественного фонда Саякбай манасчи Самат Ибраев - Sputnik Кыргызстан
Саматбек Ибраев: жакшы адаттарды өзүңө жуктура билүү керек. Ошондо гана алдыга өсөсүң. Максат коюп, план түзүү керек. Бир киши 62 жашында бизнес баштап, миллиордер болгон. Андыктан иш баштоо эч качан кеч эмес

— Тасмаларга да демөөрчүлүк кылып келесиздер. "Саякбай" тасмасы тууралуу сүйлөшсөк.

— Тасманын негизги максаты манасчылык өнөрдүн касиетин ачып берүү болуп саналат. Буга чейин документалдык тасмалар тартылып келсе, бул ирет көркөм тасма тарттык. Мында тарыхыбыз, маданиятыбыз камтылган, 1 саат 20 мүнөткө созулган тасмада залкар манасчы тууралуу кеңири айтылат. Мындан сырткары, "Уламыштар" тасмасын тарттык. Бул тасмада болсо өлкөнүн кооз жерлери тартылып, кызыктуу уламыштар камтылды. Жалпылап айтканда тасма өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн көрсөткөн кино болду.

— Маегибиз соңуна чыгып калды, жаштарга айтаар кеңешиңиз.

— Жакшы адаттарды өзүңө жуктура билүү керек. Ошондо гана алдыга өсөсүң. Максат коюп, план түзүү керек. Бир киши 62 жашында бизнес баштап, миллиордер болгон. Андыктан иш баштоо эч качан кеч эмес. Адамдын мүмкүнчүлүктөрү жогору, башкысы ошону ойгото билүү керек.

— Маегиңизге рахмат!

Жаңылыктар түрмөгү
0