24 жашында мууздалган Уркуя Салиева жөнүндө 15 факты

© Sputnik / Табылды КадырбековПамятник Уркуе Салиевой. 2015 г.
Памятник Уркуе Салиевой. 2015 г. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектин чок ортосунда "Революциянын каармандарына" деген эстелик-монумент турат. Эл жөнөкөй тил менен "Уркуянын эстелиги" деп коюшат. Анын жанынан өтүп баратканда кызыгып, назар салгандар сейрек. Эстеликтеги аял ким болгон?

Манасчы Үмөт Дөөлөтов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кичинекей манасчы Үмөт тууралуу кызыктуу сегиз факты
Sputnik Кыргызстан бул сапар окурмандарына Уркуя Салиева жөнүндөгү 15 фактыны сунуштайт.

Уркуя Салиева Борбордук Азиянын мусулман аялдарынын теңдиги үчүн күрөшкөн чы-гаан инсандардын сабында турат. Ал Совет бийлигин чыңдоого катышкан кыргыз кыз-келиндеринин алгачкы карлыгачы. Совет бийлигинин идеологиясына ылайык эзүүчү таптарга каршы жана аялдарды азаттыкка чыгаруу үчүн күрөшүп, жанын берген.

Жумабай кызы  (Салиева) Уркуя 1910-жылы (кээ бир маалыматтарда 1907-жылы) Ош облусунун азыркы Ноокат районунун Тактек (Беш Бурхан) кыштагында жарык дүйнөгө келген. Энеси Бүбүкан жаркылдаган, кабагым-кашым дебеген, атасы Жумабай куулук-шумдугу жок, момун адам болгон дешет. 

© Фото / предоставлено Умутай ЭралиевойУркуя Салиева
Политический деятель и борец за свободу Уркуя Салиева - Sputnik Кыргызстан
Уркуя Салиева

Бешиктеги баланын бек болорун ким билет. Уркуянын балалык чагында эле эч нерседен тайманбаган, такылдаган, сөзгө чечен, өзүнө ишенген сапаттары байкалган. Айылдаштары ал жерден боорун көтөргөндөн баштап эле кышкысын башына калпак кийип, эркекче шымданып, атчан жарыштарга катышып жүргөнүн айткан жайы бар. Комсомолдун катарына биринчилерден болуп өтүп, жаңы замандын активдүү тарапкери боло баштаган.

Китеп. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Ажар" – 1916-жылга коюлган адабияттагы эстелик. Повесть туурасындагы жети факты
Ата-эненин уйкусуз түндөрү. Кызынын жаңы замандын ишине аралаша баштаганына ата-энеси алгач, башкача караса, бара-бара көнүп беришкени Уркуяны шерденткен. Күн сайын болгон күрөштүн жүрүшү, коомдогу жаңылануу жаш кызды чыйралткан. Кимдин болсо көзүнө карабай бетке айтуусу күчөп, көпчүлүк аны менен аргасыздан эсептешүүгө туура келеген. Ал ишине баш-оту менен берилип, күн-түн дебей иш үстүндө жүрүп, кээде үйүнө түн ортосунда келчү болгон. Ата-эне ал келгиче кирпик какпай күтүп, укташпай турган. 

Муркуттүн раис келини. Уркуя Колдош Салиев аттуу жигитке турмушка чыгып, Меркит-Муркут (Төөлөс) айылына келин болот. 1928-жылы Мүркүт айыл кеңешинин төрайымы болуп шайланган. 1929-жылы райондогу алгачкы "Кызыл аскер" колхозун уюштурган. 1930-жылы ВКП(б)нын мүчөлүгүнө кандидат катары кабыл алынып, 1932-жылы Коммунисттик партиянын катарына биринчилерден болуп өткөн. Раис болуп жүргөн учурунда ага кастарын тиккен, кулакка тартылган мурдагы байлар жалган жалаа менен партиялык билетинен ажыратып, партиянын катарынан чыгартышат. Албетте, кан-жанын берип иштеген Уркуяга бул катуу сокку болуп, "чындык ийилип, бирок сынбай" кайрадан, бардыгы өз ордуна келет. Ошентип, Ферганадан чыккан алгачкы раис ишин уланта берет.

Үчүнчү жолку кол салуу өмүрүн алган. Акын Үмүтай Эралиеванын "Уркуя" деп аталган тарыхый, даректүү баянында ага кулактар, мурдагы бай-манаптар тарабынан үч жолу кол салуу болгондугу жазылган. Андай кол салууну алдын ала өзү деле сезип-билип, ошентсе да өз кызыкчылыгын ойлоп, жанын аяп качып, жашынган эмес. Өмүрү коркунучта экенин бир эмес, бир нече жолу уккан экен. Кулактар катуу даярданып үй-бүлөсү менен жок кылаары жөнүндө кабар жеткенден кийин, балдарын, энесин аяп, Караван айылына көчүп кетүү үчүн жакындары Ахмат аркылуу баш паанек караштыра баштаган. Ахматка кулактардан чочулаганын айтат. Үй бат эле табылат. Бирок, Уркуя ошол учурда төрөп калып, "…кыркым чыкканда көчөлү" деп баш тартып койгон дешет… 

© Sputnik / Жоомарт УраимовУркуя Салиеванын балдарын бөлөгөн бешиги. Үмүтай Эралиеванын “Уркуя” китеби
Политический деятель и борец за свободу Уркуя Салиева - Sputnik Кыргызстан
Уркуя Салиеванын балдарын бөлөгөн бешиги. Үмүтай Эралиеванын “Уркуя” китеби

Каргашалуу февраль… 1934-жылдын 6-февралынын түнү. Үйдө Уркуя, энеси, күйөөсү Колдош, сегиз жашар кызы Аниса, үч жашар уулу Кеңеш, 21 күндүк ымыркайы уктап жаткан. Бетин жоолук менен таңган, канжар, союл менен куралданган басмачылар мыкаачылык менен Уркуя, Колдошту өлтүрүшөт. Ошол эле күнү жаңы көз жарган ымыркайы февралдын ызгаардуу суугуна тоңуп чарчап калат. Аниса ата-энесинин мууздалып жатканын өз көзү менен көрүп тургандыктан, тилден калып, узак жашабай каза болот. Балдарынын ичинен Кеңеш гана тирүү калат.

Уркуя мууздалганда 24 жашта болгон. Уркуя менен Колдоштун трагедиялуу өлүмү ошол кездеги "Кызыл Кыргызстан" (азыркы "Кыргыз Туусу") гезитинин 1943-жылдын 17-февралдагы №40 санына жарыяланган некролог аркылуу Кыргызстанга маалым болот. Албетте, кабар Москвага да жеткен. Эл каарман Уркуя менен анын жолдошун аздектеп акыркы жайга узатат.

Ат жетелеп бараткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Улут трагедиясын чагылдырган "Узак жол" романы жөнүндө жети факты
Фергана өрөөнүнөн чыккан алгачкы аял башкарма. Ал бүтүндөй Фергана өрөөнү боюнча эң алгачкылардан болуп айылдык советтин төрайымдыгына шайланган жана биринчилерден болуп өзү уюштурган жамааттык чарбага, колхозго башчылык кылган. Колхоз башкармалыгынын төрагалык милдетин, тагыраагы раис кызматын кан-жаны менен аткарган. "Кан-жаны" деген сөз бул жерге дал бутадай тийип турганын бекемдеп кетүүнү эп көрдүк. Себеби, ушул кызмат бул каарман келиндин, жакындарынын өмүрүн жалмап кетти…

Уркуянын денесине жамалган башы. Бул тууралуу журналист Мамат Сабыров Салиеванын музейинин директору Зуура Нуркамилова менен маегинде жазган. 

© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Кызыл Кыргызстан" гезитине чыккан некролог “Тап үчүн, партиянын улуу жолу үчүн күрөш майданында курман болушту” деген тема менен чыккан. 1943-жыл, 17-февраль. Үмүтай Эралиеванын “Уркуя” китеби
Политический деятель и борец за свободу Уркуя Салиева - Sputnik Кыргызстан
"Кызыл Кыргызстан" гезитине чыккан некролог “Тап үчүн, партиянын улуу жолу үчүн күрөш майданында курман болушту” деген тема менен чыккан. 1943-жыл, 17-февраль. Үмүтай Эралиеванын “Уркуя” китеби

Ал "Кызыл Кыргызстан" гезитинин 1943-жылдын 17-февралдагы №40 санына чыккан некрологундагы сүрөт туурасында айтып берген. "Сүрөт өлтүрүлгөндөн кийин тартылган. Мойнун тигип, көзүн керип, кызынын такыясын кийгизип анан тартышкан экен. Жани жок маалдагы сүрөт да. Эми жани барда кандай болгондугун элестете бергиле. Акыл Карачачтай акылдуу, Ак Мөөрдөй сулуу болгон экен да", — деп айтып берген Нуркамилова.

Атчан жоокер. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Эр Эшим" дастаны жөнүндө жети факты. Баатырды коштогон Сталин менен Гитлер
Насирдин Байтемиров "Уркуя" романын жазган. Салиева жөнүндө атактуу жазуучу Насирдин Байтемиров роман жараткан. Чыгарманы Байтемиров 12 жылга чукул жазган. Бул жылдары жазуучу архивдик материалдар менен таанышып, Ошко, Ноокатка тынымсыз каттаган экен. Анткен менен төбө чачты тик тургузган окуя туурасында жергиликтүү эл оңой менен айтып бербей, тайсалдап, машакаттуу учурлар көп болуптур. Архивдеги документтердин көчүрмөлөрүн таап, ошол убакта соттогон Жогорку соттун судьялары, ал гана эмес Москвадан келген соттор менен көзмө-көз сүйлөшкөн экен. Ошентип, тынымсыз эмгектенүүнүн натыйжасында 1966-жылы, "Тарых эстелиги" романы жарык көрөт. Жазуучунун байбичеси Мария Бейшеналиева акын Үмүтай Эралиевага ал роман Исхак Раззаковдун сунушу менен жазылгандыгын айтып берген.

"Отко таазим" тасмасы кантип жаралган? Байтемиров менен атактуу кинорежиссер Төлөмүш Океев биргеликте "Отко таазим" көркөм тасмасынын сценарийин жазат. 1972-жылы 14-февралда фильмдин премьерасы болуп, элге тартууланган. Океев тасмага эки жыл даярданат. Ошол мезгилде кырк жыл болгон окуяны тартуу үчүн ошол маалдагы элдин жашоо образын, кийим-кечесинен тарта тамак-аштарын чагылдырган сүрөттөр, материалдарды издеген. Мамлекеттик архивден Уркуяны өлтүргөн басмачылардын кылмыш иштерин окуп чыккан. Уркуянын балдары боюнча документтерди жыйнаган. Ноокатка барып каралбай ташталып калган эски айыл-кыштактарды сүрөттөр аркылуу издеген. Алыскы Баткен районунун "Булак-Башы" кыштагынан эски, эч ким жашабай, кароосуз калган бай-манаптар маалынан бери бузулбай, заман өзгөрүлсө да баалуулугун жоготпой сакталып калган айылды тапкан. Ошентип, "Отко таазим" жаралган. Тасмадан кийин жакшы мааниде алганда, Уркуянын образы Таттыбүбү менен берилип, элдин эсинде ого бетер бекемделди.

Уркуянын ак боз аты. Уркуянын раис кезинде минип жүргөн ак боз аты "Толман" деп аталган экен. Бул туурасында акын Эралиева өзүнүн китебинде баяндаган.

Уркуя мууздалган бычактын тарыхы. Эралиеванын китебинде кызыктуу факты учурайт. Ошол кезде Фрунзеде жашаган Тайгин деген улуту татар юристтин Байтемировдун чыгарма жазууда тарыхты тактоого опол тоодой жардамы тийген экен.

Тайгин басмачылар Уркуяны сойгон канжардын тарыхын айтып берген.

"Бир жолу Наскем (Насирдин Байтемиров – ред.) экөөбүздү чакырып, Москва-Эркиндик бульварынын кесилишинде жайгашкан үйүнүн короосундагы бир жерди көрсөтүп, "Уркуя союлган канжарды ушул жерге көөмп койгонмун. Казып көрбөйлүбү?" — деди. Жер укмуш катуу экен. Ал күнү суу сээп коюп, кетип калдык. Эки күндөн кийин жумшап калган жерди казып, жер алдынан жанагы канжарды таптык. Канча мезгил алмашса да, эч нерсе болбогондой, мизинде адам каны катып, так бойдон турган экен. Биз коркуп кеттик. Тайгин "Коркпогула! Ушул канжарды силерге беремин, катып алгыла, керек болот", — деди. Наскем үйгө алып келип, жерге жашырып койду. Ал канжар дале жатса керек. Андан бери да бир топ мезгил өттү", — деп айтып берген Мария Бейшеналиева.

Кожожаш. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Кожожаш" эпосу жөнүндө жети факты. Сур эчки менен мергендин таймашы
Африкалык аялдар ыйлаганда. 1982-жылы Кыргызстанга СССР аялдар комитети тарабынан Эфиопиянын аялдарынын чоң делегациясы келген. Меймандарга кинорежиссер Төлөмүш Океевдин "Отко таазим" аттуу көркөм фильми көрсөтүлөт. Эмоционалдуу, темпераменттүү африкалык аялдар картинанын каарманына чын көңүлдөн жана терең сүйүп, кунт коюп, экрандагы окуяларды ыйлап көрүп отурушту. Алар көргөн нерсеге абдан таң калышты. Балким экрандагы окуя аларга жакын жана тааныштыр. Фильм которууга муктаж эмес эле. Кино бүткөндөн кийин меймандар Уркуя Салиева жөнүндө кеңири айтып берүүнү суранышты. Бул тууралуу калемгер Күлбүбү Бектурганова эскерген.

Уркуянын урпактары – Сергей менен Рустам. Учурда Уркуя менен Колдоштун урпактары Сергей менен Рустам Ноокатта жашайт. Ата-энеси мууздалгандан кийин аман калган уулу Кеңеш кароосуз калып, кийин Ноокатта, андан соң Ташкентте балдар үйүндө тарбияланат. Тагдыр аны Өзбекстанда Владивостоктон келген аскер адамынын кызы Лида менен баш коштурат… Алар үч уул, бир кыздуу болгон.

Уркуя Салиеванын 100 жылдыгы 2015-жылдын 15-октябрында Төөлөс айыл аймагында мамлекеттик деңгээлде белгиленген.

Фактыларды даярдоодо журналист Мамат Сабыровдун, акын Үмүтай Эралиеванын эмгектери колдонулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0