22:32 24 Кулжа 2018
Түз эфир
  • USD68.2440
  • EUR79.6305
  • RUB1.0791
Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы өрүк бакта Өрүк гүлү — 2017 фестивалы өттү.

Баткенде эл "Өрүк гүлүн" майрамдады

© Фото / Улан Маккамбаев
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
5811

Аталган иш-чара быйыл биринчи жолу уюштурулган.

БАТКЕН, 8-апр. — Sputnik. Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы өрүк бакта "Өрүк гүлү — 2017" фестивалы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

  • Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы өрүк бакта Өрүк гүлү — 2017 фестивалы өттү.
    Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы өрүк бакта "Өрүк гүлү — 2017" фестивалы өттү.
    © Фото / Улан Маккамбаев
  • Азыр өрүкзарлар гүлдөгөндүктөн учурдан пайдаланып жергиликтүү бийлик эл аралык уюмдардын колдоосу менен Өрүк гүлү — 2017 фестивалын өткөрүүнү чечкен.
    Азыр өрүкзарлар гүлдөгөндүктөн учурдан пайдаланып жергиликтүү бийлик эл аралык уюмдардын колдоосу менен "Өрүк гүлү — 2017" фестивалын өткөрүүнү чечкен.
    © Фото / Улан Маккамбаев
1 / 2
© Фото / Улан Маккамбаев
Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы өрүк бакта "Өрүк гүлү — 2017" фестивалы өттү.

Азыр өрүкзарлар гүлдөгөндүктөн учурдан пайдаланып жергиликтүү бийлик эл аралык уюмдардын колдоосу менен "Өрүк гүлү — 2017" фестивалын өткөрүүнү чечкен. Фестивалга коңшу Тажикстандан да өкүлдөр чакырылган.

Маданий иш-чарага район аймагындагы бардык айыл өкмөттөр катышып, ар бир айыл аймак өрүк кошулган тамак-аштын түрүн конокторго көрсөтүштү. 

© Видео / Улан Маккамбаев
Баткенде эл "Өрүк гүлүн" майрамдады

Баткен районунун тургуну Саида Садырбекова фестивалга өрүк кошулган таттуу нан жана каттама даярдаган.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Алишер Абдырахманов дүйнө жүзүндө өрүктөн 50дөй сорту болсо анын 20га жакыны Кыргызстанда өсөөрүн айтты.

"Өрүк гүлү — 2017" фестивалы Баткендин өрүгүн гана даңазалоо менен чектелбестен чек ара аймактардагы кошуна өлкөнүн эли менен достукту, ынтымакты бекемдөө максатын да көздөйт.

Тема боюнча

Баткенде өрүктөр гүл ачты
Белгилер:
өрүк, фестиваль, Баткен
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ