БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Түркиянын Кайсери шаарынын Эржиес университетинде билим алган кыргызстандык студенттер улуттук маданиятты таанытуу күндөрүн өткөргөнүн Кыргызстан студенттер биримдигинин негиздөөчүсү Манасбек Максутов билдирди.
Анын айтымында, "Орто Азиянын жүрөгү — Кыргызстан" деген ураандын алдында өткөн иш-чаранын алкагында кыргыз улуттук дасторкону жайылып, буюм-тайымдардын жарманкеси уюштурулган.
"Кыргызстанга таандык жакшы салттарды, адаттарды, улуттук өнөрлөрдү келгендерге түрк тилинде айтып бердик. Өзгөчө манасчылыкка абдан таң калышты. Андан тышкары, кара жорго бийи, комуз күүлөрү тартууланып, бешикке салуу салтын көрсөтүү менен бирге улуттук кийимдерибиз тууралуу маалымат бердик", — деди Максутов.
Биримдиктин жетекчиси иш-чаранын жүрүшүндө ар кандай интерактивдүү оюндар уюштурулуп, жеңүүчүлөргө Чыңгыз Айтматовдун китептери, калпак жана башка белектер берилгенин кошумчалады.
Ал мындай иш-чара Кыргызстанды жакшы жагынан таанытуу, мыкты эл экенин көрсөтүү жана туризмдин өнүгүшүнө аз да болсо салым кошуу экенин белгиледи.
Кайсери шаарындагы Кыргызстан студенттеринин биримдиги 2016-жылы түзүлгөн. Ал эми бул шаардагы Эржиес университетинде кыргызстандык 85 студент билим алат.