Апендинин жоруктары жаңыланып, балдар үчүн комикс китепче болуп чыкты

© Фото / Машраб АбдужабборовВыпуск комикса для детей "Апендинин жоруктары"
Выпуск комикса для детей Апендинин жоруктары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Комикстин авторлору Апендинин жаңы образын түзгөнгө аракет кылышкан. Азыр ал арык да, семиз да эмес, бай да, кедей да эмес дешти алар.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Кыргызстандын балдар адабият айдыңында "Апендинин жоруктары" деп аталган комикс түрүндөгү китепче чыкты. Бул туурасында "Баластан" интерактив журналынан кабарлашты.

Анын түзүүчүлөрүнүн айтымында, комикс түрүндөгү Апенди туурасындагы мындай эмгек биринчи ирет чыгып жатат. Бул образ элге кеңири белгилүү. Бирок өзгөчө балдар үчүн Апендинин жоруктары жазылган китеп жокко эсе дешти.

© Фото / Машраб АбдужабборовКыргызстандын балдар адабият айдыңында "Апендинин жоруктары" деп аталган комикс түрүндөгү китепче чыкты.
Кыргызстандын балдар адабият айдыңында Апендинин жоруктары деп аталган комикс түрүндөгү китепче чыкты. - Sputnik Кыргызстан
1/3
Кыргызстандын балдар адабият айдыңында "Апендинин жоруктары" деп аталган комикс түрүндөгү китепче чыкты.
© Фото / Машраб АбдужабборовАнын түзүүчүлөрүнүн айтымында, комикс түрүндөгү Апенди туурасындагы мындай эмгек биринчи ирет чыгып жатат.
Анын түзүүчүлөрүнүн айтымында, комикс түрүндөгү Апенди туурасындагы мындай эмгек биринчи ирет чыгып жатат. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Анын түзүүчүлөрүнүн айтымында, комикс түрүндөгү Апенди туурасындагы мындай эмгек биринчи ирет чыгып жатат.
© Фото / Машраб АбдужабборовБул образ элге кеңири белгилүү. Бирок өзгөчө балдар үчүн Апендинин жоруктары жазылган китеп жокко эсе дешти.
Бул образ элге кеңири белгилүү. Бирок өзгөчө балдар үчүн Апендинин жоруктары жазылган китеп жокко эсе дешти. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Бул образ элге кеңири белгилүү. Бирок өзгөчө балдар үчүн Апендинин жоруктары жазылган китеп жокко эсе дешти.
1/3
Кыргызстандын балдар адабият айдыңында "Апендинин жоруктары" деп аталган комикс түрүндөгү китепче чыкты.
2/3
Анын түзүүчүлөрүнүн айтымында, комикс түрүндөгү Апенди туурасындагы мындай эмгек биринчи ирет чыгып жатат.
3/3
Бул образ элге кеңири белгилүү. Бирок өзгөчө балдар үчүн Апендинин жоруктары жазылган китеп жокко эсе дешти.

"Анын ар бир жоругу жакшы сапатка тарбиялоо менен катар жалкоолук, калп айтуу, адепсиздик өңдүү терс жорук-жосундардан алыс болууга чакырат. Мурдагы Апенди тиштери түшкөн, бир-эки тал сакалы бар, калпакты тескери кийген киши болчу. Биз азыркы Апендини иштеп чыктык. Мында ал арык да, семиз да эмес, бай да, кедей да эмес. Анын жоруктарын заманга ылайыктап, балдар сүйүп окуган комикс жанрында даярдадык", — деп билдиришти аталган журналдан.

Китепче "Баластан" интерактив журналынын редакциясы тарабынан даярдалып жарыкка чыкты. Түзүп чыккан Жаныбек Абидетегин, сүрөтчүсү Ренато Мамытбеков, дизайнери Нурлан Саргалдаев, редактору Бекжан Ишенбай тегин.

Жаңылыктар түрмөгү
0