Театрдагы жымжырттык. Ээн сахна кандай көрүнөт

© Sputnik / Табылды КадырбековНациональный академический театр драмы имени Токтоболота Абдумомунова
Национальный академический театр драмы имени Токтоболота Абдумомунова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Театрга акыркы жолу качан бардыңыз эле? Маданияттын төрү болгон театрды көрүүчүсүз жана актерлорсуз элестете аласызбы? Театр ичиндеги жымжырттыкты сүрөттөрдөн сезсеңиз болот.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Бүгүн, 27-март, театрдын эл аралык күнү. Адамдардын маданиятын, дүйнө таанымын өзгөртүп, искусствого жетелеген өнөр адамдарына алкыш.

Бул күндү утурлай Sputnik Кыргызстан агенттиги театрлардын сахналарын тартуулайт.

© Sputnik / Табылды КадырбековТоктоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театры
Национальный академический театр драмы имени Токтоболота Абдумомунова - Sputnik Кыргызстан
Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театры

Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театры

Түзүлгөнүнө 80 жылдан ашкан театр бул мөөнөт аралыгында дүйнөлүк жана Кыргызстандын атактуу драматургдарынын 500дөн ашык спектаклин койгон. Театр 1926-жылы негизделип, 1997-жылы ага Токтоболот Абдумомуновдун аты ыйгарылган.

© Sputnik / Табылды КадырбековАбдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театры
В Бишкеке прошли гастроли Казахского театра оперы и балета - Sputnik Кыргызстан
Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театры

Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театры

Театр 1955-жылы 15-майда ачылган. Сезон салтка айланып калгандай күзүндө башталып, жазга чейин созулат. Театрдын сахнасына 150дөн ашык опера жана балет спектаклдери коюлган.

© Sputnik / Табылды КадырбековАрсен Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театры
Бишкекский городской драматический театр имени Арсена Умуралиева - Sputnik Кыргызстан
Арсен Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театры

Арсен Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театры

Театр 1993-жылы 25-апрелде түзүлгөн. Аны КР эл артисти Арсен Умуралиев менен театр сынчысы Цыцыгма Умуралиева тарабынан негизделген. Кыргыз, орус тилиндеги спектаклдар коюлат. Бул Бишкектеги жападан жалгыз муниципалдык театр.

© Sputnik / Табылды КадырбековЧыңгыз Айтматов атындагы орус драма театры
Государственный национальный русский театр драмы имени Чингиза Айтматова - Sputnik Кыргызстан
Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театры

Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театры

Театр 1935-жылы түзүлгөн. Андан бери театрдын сахнасында 15 миңден ашык спектакль коюлган. 2008-жылы улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысмы берилген.

© Sputnik / Табылды КадырбековМуса Жангазиев атындагы куурчак театры
Театр кукол имени Мусы Жангазиева  - Sputnik Кыргызстан
Муса Жангазиев атындагы куурчак театры

Муса Жангазиев атындагы куурчак театры

Театрдын түзүлгөнүнө быйыл 80 жыл толот. Бул убакыт аралыгында куурчак театрында 400дөн ашык дүйнөлүк жана кыргыз жазуучу, драматургдарынын чыгармалары сахналыштырылган. Негизинен театрда кичинекей балдарга арналган куурчак спектаклдари коюлат.

© Фото / Зульфия ТургуноваОштогу Бабур атындагы өзбек театры
Ошский государственный академический узбекский музыкально-драматический театр имени Бабура - Sputnik Кыргызстан
Оштогу Бабур атындагы өзбек театры

Оштогу Бабур атындагы өзбек театры

Аталган театр 2018-жылы өзүнүн жүз жылдыгын белгилейт. Анын сахнасында жүздөгөн спектаклдер коюлган. Театр белгилүү таланттуу актер, режиссер, коюучу, балетмейстерлерди тарбиялап чыккан. Бул жакта эмгектенгендердин ичинен 11 эл артисти, 30 эмгек сиңирген артист жана маданиятка эмгек сиңирген алты ишмерлер чыккан.

© Фото / Зульфия ТургуноваИбраимов атындагы Ош облустук кыргыз драма театры
Ошский областной кыргызский драматический театр имени Ибраимова - Sputnik Кыргызстан
Ибраимов атындагы Ош облустук кыргыз драма театры

Ибраимов атындагы Ош облустук кыргыз драма театры 20-кылымда түзүлгөн. Анын сахнасында белгилүү драматургдардын чыгармалары сахналаштырылган. Бул жакта маданиятка эбегейсиз салым кошкон эл артисттери эмгектенет.

Жаңылыктар түрмөгү
0