Кореядагы кыргыздар Ноорузду эми майрамдап жатышат

© Sputnik / Табылды КадырбековПразднование национального праздника Нооруз в Бишкеке
Празднование национального праздника Нооруз в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кореядагы кыргыздар Нооруз майрамын быйыл эки күн бою майрамдоону чечишти.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Түштүк Кореядагы кыргыздар бул жылы Нооруз майрамын 25-26-март күндөрү майрамдап жатканын өлкөдө эмгектенип жүргөн Медербек Жолдошов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Быйылкы Нооруз иш күндөрүнө туура келип калгандыктан, бул жактагы мекендештер өз учурунда майрамдай албай калды. Ошондуктан кечээ жана бүгүн баарыбыз чогулуп, улуттук тамак-аштарды даярдап, кыргыздын оюн-зоокторун уюштуруп жатабыз", — деди Жолдошов.

Анын айтымында, ал жактагы мекендештер үчүн бул күндөрү кош майрам болду. Анткени Түштүк Корея-Кыргызстан достугунун 25 жылдыгына карата Сувон шаарына кыргыз эстрада жылдыздары концерт коюп барышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0