"Кентавр" Бельгиядагы кинофестивалда Кыргызстандын намысын коргойт

© Фото / Эркин БолжуровКентавр тасмасынан кадр. Архив
Кентавр тасмасынан кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган тасманын улуттук премьерасы 31-мартка белгиленген.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Кыргызстандык режиссер Актан Арым Кубаттын "Кентавр" тасмасы Бельгияда өтө турган эл аралык кинофестивалга чакыруу алды. Бул тууралуу Кинематографияны колдоо фондусу билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара 18-30-апрель күндөрү Тюрнхаут жана Брюгге шаарларында өтөт.

"Бельгия Берлианале фестивалында дүйнөлүк премьерасы өткөн "Кентавр" фильмин чакырган алгачкы мамлекет", — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, аталган тасманын улуттук премьерасы 31-мартка белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0