Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

"Кентавр" тасмасы европалыктарга тартууланат

© Sputnik / Табылды КадырбековРежиссер кыргызстанского фильма "Кентавр" Актан Арым Кубат
Режиссер кыргызстанского фильма Кентавр Актан Арым Кубат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кентавр" Берлин кинофестивалында байгеге ээ болуп, чоң кызыгууну жараткан. Тасманын улуттук премьерасы 31-мартка белгиленген.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Кыргызстандык режиссер Актан Арым Кубаттын "Кентавр" тасмасы Европада прокатка чыга баштай турганын бүгүн режиссер маалымат жыйында билдирди.

Кентавр тасмасынан кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Премьерасы Берлинде өткөн "Кентавр" тасмасына суктангандар көп болду
Фильм Берлин кинофестивалында байгеге татыган. Сюжет боюнча башкы каарман качандыр бир кезде кыргыздар Кудайдын каарына калган деген ишеним менен жашайт. Эгер түн ичинде аргымак минип, кечирим сурап чаап өтсө, каргыштан арылат деп бекем ишенген Кентавр жылкы уурдай баштайт. Бирок кыңыр иши билинип калат.

Режиссердун айтымында, тасма 2016-жылы тартылып, 10-февралда дүйнөлүк премьерасы болгон.

"Фестивалдан сыйлыкка ээ болушубуз биз үчүн абдан күтүүсүз болду. Эми кыргыз эли кандай кабыл алат деп түйшөлүп турабыз. Тасмага кеткен акчанын 10-15 пайызын мамлекет көтөрдү. 70 пайызын чет элдик досторубуз каржылап берди. Кыргызстанда тартылып, Бельгияда монтаждалды. Тасманын музыкасын немис композитору жазды", — деди режиссер.

Фильмдин сценаристи Эрнест Абдыжапаров элге Кентаврдын философиясын жеткирүүгө аракет кылганын белгиледи.

"Биз азыр Батыштын, Советтер Союзунун жана бүгүнкү күндүн таасири менен жашап жатабыз. Бул кырдаалда адам тазаланып, өзүн кабыл алуу, түшүнүүсү зарыл. Тасманы көңүл ачуу үчүн эмес, бүгүнкү күндө өз ордубузду түшүнүү үчүн көрүү керек", — деди Абдыжапаров.

"Кентавр" тасмасынын улуттук премьерасы 31-мартка белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0