Фотофакт: Кыргызстанда эң биринчи жолу белгиленген Нооруз майрамы

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги архивдерди карап Кыргызстанда эң биринчи жолу расмий түрдө майрамдалган Нооруздун сүрөтүн таап чыкты. Сүрөттөн Кожомкул атындагы спорт ордосунда ар кандай жаныбарлардын куурчактары бийлеп жатканын көрсө болот.

Сүрөт 1989-жылы 21-мартта тартылган. Бул күнү биринчи жолу советтик Кыргызстан Нооруз майрамын расмий түрдө белгилеген.

Салтанаттуу иш-чаралар бир гана Фрунзе шаарында өткөрүлгөн. Спорт ордосунун алдында оркестр ойноп, акындар менен артисттер өнөрлөрүн тартуулашкан. Ал эми өзбек музыкалык дарама театрынын актерлору спектакль көрсөтүшкөн.

Нооруз — 2017 иш-чарасынын программасын Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0