18:52 30 Бугу 2017
Түз эфир
Сахнадагы микрофон. Архив

"Үндүн сыйкыры" бет ачар концерти ырга жакын балдарды чакырат

© flickr.com / Ben Grey
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
55 0 0

Уюштуруучулар эң баамчыл жана ышкыбоз жаш угарманга "Манас сүрөттөрдө" китеби байге катары берилерин кошумчалашты.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Борбор калаада "Балдар филармониясы" музыкалык-билим берүү программасынын алкагында "Үндүн сыйкыры" бет ачар концерти өтөт. Бул туурасында "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондусунан кабарлашты.

Фонду кыргызстандык балдарды мыкты аткаруучулар менен бирге музыка дүйнөсүнө саякат жасоого чакырган.

"Концерттин программасы силерди үндүн боёктору менен тааныштырат: эркектин үнү — тенор, баритон, бас; айымдардыкы — колоратурдук сопрано, сопрано жана альт. Силер бир нече сонун жана белгилүү ырларды жана мыкты опералардан чакан номерлерди уга аласыңар", — деп айтылат фондунун балдарга кайрылуусунда.

Уюштуруучулар эң баамчыл жана ышкыбоз жаш угарманга "Манас сүрөттөрдө" китеби байге катары берилерин кошумчалашты.

Музыка майрамы бул жылдын 23-мартында Улуттук филармониянын чоң залында өтөт.

Тема боюнча

"Ты супер!": кыргызстандык Урмат 26 миң добуш топтоду
Опера жана балет театрында "Айчүрөк" спектакли тартууланат
"Карек" балдар кинофестивалы жаш режиссерлорду чакырат
Белгилер:
музыка, балдар, "Роза Отунбаеванын демилгеси" коомдук фонду

ЭҢ МААНИЛҮҮ