"Азия MIX" Астанада КВНдин жайкы кубогу үчүн ат салышат

© Фото / Сергей Андрианов"Азия MIX" КВН командасы оюн учурунда. Архив
Азия MIX КВН командасы оюн учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматта жайкы кубок үчүн "Азия MIX" атаандаш боло турган "Сборная Камызякского края", "Город Пятигорск" жана "Каzахи" командалары менен ат салышаары айтылат.

БИШКЕК, 19-Мар. — Sputnik. Ушул жылдын 1-июлунда Астана шаарында өтө турган КВНдин жайкы кубогуна "Азия MIX" командасы катышат. Бул туурасында Sputnik Казакстан Маданият, архив жана шаарды документтештирүү башкармалыгына шилтеме берүү менен билдирди. 

Маалыматта жайкы кубок үчүн "Азия MIX" атаандаш боло турган "Сборная Камызякского края", "Город Пятигорск" жана "Каzахи" командалары менен ат салышары айтылат.

"Александр Масляков Казакстандын борборуна келип алгачкы жолу КВНдин жогорку лигасынын чемпиондору арасында оюн өткөрүп жатат", — деп жазган Sputnik Казакстан агенттиги.

Белгилей кетсек, КВНдин жогорку лигасында "Город Пятигорск" командасы 2013-жылы, "Сборная Камызякского края" 2015-жылдын чемпиондору болсо, кыргызстандык "Азия MIX" командасы өткөн жылдагы маарекелик сезондун жеңүүчүсү аталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0