Опера жана балет театрында "Айчүрөк" спектакли тартууланат

© Sputnik / Табылды КадырбековАбдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры. Архив
Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Опера эл тарабынан бааланып, кыргыз искусствосунун "алтын фондусуна" киргизилген.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында "Айчүрөк" спектакли коюлат. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө караганда, спектакль эки күн, 19-мартта жана 25-мартта көрүүчүлөргө тартууланат. 

"Манас" эпосунун негизинде алынган опера эркиндик, эгемендүүлүк үчүн күрөштү жана кыргыз элинин биримдигин чагылдырат. Спектаклде Чыңкожо жана Толтой Акун ханга кол салып, Айчүрөктү алып кетүүгө аракет кылат", — деп жазылат маалыматта.

Опера эл тарабынан бааланып, кыргыз искусствосунун "алтын фондусуна" киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0